www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Гиссар шаарынын тургуну кыз узатуу тоюна күндүз конок чакыргандыгы үчүн айыпка жыгылды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасына шилтеме берип Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, кызын күйөөгө берип жаткан жаран эртең мененки 7.00дөн 10.00гө чейин кошуналарын үйүнө чакырган. Ал эми кечкисин 50гө жакын тууган-туушканын чакырып, той өткөргөн. Мунусу үчүн ал мамлекеттик казынага 530 доллар төлөп бермей болду деп жазат sputnik.kg.

Кошумчалай кетсек, Тажикстанда "Той, салтанаттарды иретке келтирүү" боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде тойлор дем алыш күндөрү 8.00дөн 22.00гө чейин, иш күндөрү 18.00дөн 22.00гө чейин өткөрүлүшү керек.

Ал эми үлпөт тойдун узактыгы үч сааттан ашпашы зарыл.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости