www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы 12 миллион 900 миң долларды сатыкка чыгарды. Бул тууралуу банктын расмий сайтында кабарланды. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Муну менен өлкөнүн башкы каржы көзөмөлдөөчү мекемеси ноябрь айын эсепке алганда экинчи жолу, жыл башынан бери сегизинчи жолу интервенция жасады. Алты жолу доллар сатса (74,2 млн. доллар), эки жолу долларды сатып алган (20 млн. 550 миң доллар). Акыркы жолу, 5-ноябрда 10 миллион 850 миң долларды саткан.

Соңку 10-15 күндөн бери Кыргызстанда доллардын курсунун көтөрүлгөнү байкалууда. Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 69.85 сом болсо, акча алмаштыруу жайларда 69.95 тыйындан 70 сомго чейин сатылууда.

Улуттук банк Кыргызстанда доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости