www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас шаарынын 46 жаштагы тургуну Назгүл Мадинова 22 жылдан бери ички иштер органдарында иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы милиционер айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 1989-жылы Балыкчы шаарындагы В.Ленин атындагы орто мектебин аяктаган. 1996-жылы Казакстандын Жамбыл шаарындагы технологиялык институтту бүтүрүп, инженер-технолог адистигин алып чыккан. 1999-жылы Кыргызулуттук университетинин юриспруденция бөлүмүн бүтүргөн.

«Алгач ички иштер бөлүмүндөгү кызмат жолум Талас ШИИБде паспорт столго кызматкер болуудан башталды. 1997-жылдан 2000-жылга чейин Талас РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү аймактык тескоочу болуп иштедим. 2000-жылдан тарта Талас ОИИБде коомдук коопсуздук кызматында ага тескөөчү болдум. Кадрлар бөлүмүндө ага тескөөчү болуп эмгектендим. 2002-жылдан 2006-жылга чейин Талас шаардык паспорт столунда ага тескөөчү болуп иштедим. 2006-жылдан 2008-жылга чейин Талас РИИБде жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы болдум. 2009-жылдан 2014-жылга чейин Талас РИИБдин башчысынын орун басары болдум. 2014-жылдан 2017-жылга чейин Талас ШИИБде башчынын орун басары болуп иштедим. Азыр Талас ШИИБде коомдук коопсуздук кызматынын мобилизациялоо жана жарандык коргоонуу тобунун ага тескөөчүсү болуп эмгектенип келе жатам. Учурда милициянын подполковнигимин», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кесибинин оорчулугу жөнүндө кеп салды.

«Бизде жумушта аял-эркек деген түшүнүк болбойт. Ушул кесипти тандап алган соң ысык-суугун көрүп келе жатабыз. Өзүбүзгө жаккан үчүн ушунча жыл иштеп келе жатсак керек. Жумушта мырзалар көп болгондуктан аял кишилер жумуштан эрте кеткен учурлар болот. Бирок мен башчынын орун басары болуп бир топ убакыт өздүк курам менен иштегендиктен жоопкерчилик менен аягына чейин туруп көнүп калыптырмын. «Райондо иштеген жеңилби же шаарда иштеген жеңилби?» деп сурап калышат. Райондун аймагы көп болгондуктан чакырууга чыкканда көп убакыт кетет. Кылмыш деген бардык жерде кылмыш. Ар кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн.

Ал эми шаар ичинде аймагы жакын болгондуктан убакыттан утасың. Жумуш тажрыйбамда көп нерсени көрдүм. Башында өлтүрүү фактысы болгон жерге барганда кадыресе коркчумун. Улам андай нерсени көргөн сайын тез унутууга аракет кылып, жакшы нерселерди ойлонуп, коллектив менен баарлашып, келме айтып, өзүмдү токтоолука тарбияладым десем болот.

Эң эле таң калганым кырсык болобу башка болобу адам каза болгон окуя болсо туугандары сөөгүн алып кетпей койгон учурлар болот. Кээде жанында адам болбой, туугандары табылбай сөөктү биз өлүк сактоочу жайга алып барган учур катталат. Бирок туугандары табылып, жанында турса дагы ошону милициянын унаасы ташыйт. Кээде милиция кызматкерлери туугандарынын кайдыгерлигинен өздөрүнүн жеке унаасы менен өлүк сактоочу жайга жеткизип калышат. Андай учурларда бул милицияга эле керекпи деген суроо жаралат», - деди ал.

Милиционер айым кесибинде бир топ сыйлыктарга ээ болгон.

«Ички иштер министрлигинин ардак грамотасы, медалдары менен сыйлангам. Райондук жана облустук сыйлыктарым бар. Быйыл милиция күнүнө карата президенттен энчилүү саат алдым. Бардык талапкерлердин ичинен 10 кызматкер алдык. Алардын ичинен жалгыз аял болдум», - деди Назгүл айым.

Булак: ".turmush.kg"

Последние новости