www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокурор Аида Салянова жердин түбүнөн чукуп таап башкы прокурордун биринчи орун басары болгон Бекмамат Осмоновдун уулу бар. Аны мурунку Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекованын сиңдиси  Индира Жолдубаева 2015-жылы башкы прокурор болор менен айдап салган. Кийин ал атасынын баркы менен кайрадан Бишкек шаарына парокурор болгон, эми Башкы прокурор болгон Курманкул Зулушев Оштун прокурору Абдраимов менен кошоктоп жоготту. Бекмамат уулу менен Абдраимов көзөмөл органын 2018-жылдан бери жетектеп турушкан.

Башкы прокуратура органдары тарабынан 2020-жылдын 1-октябрынан 2021-жылдын 1-февралына чейин коррупция багытында 633 жазык иши козголгон. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жогоруда айтылган иштерден мамлекетке 2 млрд 420 млн 380 миң 512 сом зыян келтирилген. Башкы прокуратура жазык иштерин караштуулугу боюнча тергөө органдарына жөнөттү. Былтыр прокуратура органдары мамлекеттик мекемелерге карата 3 миңден ашык текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында, 6 миңден ашык мыйзам бузуу аныкталган.  Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 1360 мамлекеттик кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 661 кылмыш иши козголуп, тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. Мамлекетке келтирилген 582 млн 132 миң сом зыян өндүрүлгөн. Ал эми коррупцияга каршы багытында 1647 текшерүү жүргүзүлүп, 4 миң 103 мыйзам бузуу табылган. Натыйжада 1721 мамлекеттик кызматкер тартип жоопкерчилигине тартылган жана 110 млн 754 миң сом зыяндын орду толтурулган. Журналист тарабынан экс-президент Сооронбай Жээнбековдун мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин иши боюнча сотко күбө катары чакырылганы тууралуу суроо берилди. Журналист Зулушевден бул окуя боюнча юрист катары жеке пикирин билдирүүнү суранды.

Жээнбековдун күбө катары сотко чакырылышы боюнча, эгерде ошондой зарылчылык болсо, барышы керек, көрсөтмө бериши керек. Сотко чакырылса, ким болбосун барышы керек. Барбай койгонго күбө катары эч кимдин укугу жок. Эгерде патриотмун десе, ал берген көрсөтмө менен чекит коюлуп, кылмышка баа берилсе, менимче барыш керек деди аяр гана Башкы прокурор.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости