www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Билем, менин баяным көп аялга жакпашы мүмкүн. Балким айрымдары кыжырданып эркек башың менен аялыңды кантип жамандап атасың деген суроону беришээр. Ичимди түйшөлткөн санаа менен көп убакыт алпуруштум.Аягында жол таппагандыктан окурмандардан кеңеш суроону туура көрдүм” деп редакцияга келген каарманыбыз кебин баштады. Өзүн Жоодар деп тааныштырган каарман жан адамга ооз ачып айта элек сырын ортого салат. Жоодардын абалына карата ой-пикириңиз болсо редакциябыздын 0772 16 89 64 номерине байланышка чыгыңыз. Эскертүү: каарманыбыздын өтүнүчү менен өзүнүн номери берилген жок.
“Баласыз турмуш балээге алып келди”
Өзүм шаарда төрөлүп өскөм.Ата-энемдин улуу баласымын.Менден башка эки иним, бир карындашым бар.Баары үйлөнүп, турмуш куруп өз түйшүктөрү менен алек.Мен да эл катары 26 жашымда өзүм менен чогуу окуган группалаш кызыма үйлөнгөм.Беш жыл чогуу окуп, анын жүрүм-туруму, сабакка болгон дилгирлиги, үстү-башын тыкан алып жүргөнү дайыма жүрөгүмдү жылытар эле. Башында көп группалаштардын бири катары сүйлөшүп жүргөн болсок, 3-курстан баштап кыз-жигитке айландык. Мугалимдик кесипке ээ болуп колго диплом алгандан кийин Мээримдин колун сурадым. Ошентип ата-энем кудалардын астынан өтүп чоң той бердик. Жубай тандоодо жаңылышпаптырмын.Мээрим башынан кандай токтоо, сабырдуу болсо, келин болуп келгенде деле ал мүнөзүнөн жазган жок. Жасаган оокаты таза, ата-энеме кылган мамилеси жылуу. Эркекке мындан артык эмне керек? Экөөбүз тең мугалимдик кесипти окуп чыкканыбыз менен мен атама жардам берип ишкерлик менен кеттим. Жубайым тиричиликке карап үйдө отуруп калды. Жашообуз жетиштүү, чет жактан унаа алып келип саткан ишкерликтин аркасы менен эч нерседен кем болбой жашап аттык. Жубайым экөөбүздүн ысыгыбыз тарабай, сүйүүбүз мурдакыдан да ташкындагансыйт. Кыскасы, ал жылдары менден бактылуу жан жок эле. Бирок убакыт учкан куштай өтүп турмуш курганыбызга беш жыл өтсө да Мээримдин боюна бүтпөй атты. Башында “мейли, жашпыз, өзүбүз үчүн жашап туралы” деп моюн сунбаганыбыз менен кийин бул айныгыс чындык менен бет келишүүгө аргасыз болдук. Ата-энем баш болуп, өзүбүз кошо чуркап мыкты деген доктурлардын эшигин тешкилеп аттык.
Доктурлар “баары жакшы болот, төрөйсүң” деп үмүттөндүрүшкөнү менен ал тилегибиз оңой менен ишке ашкан жок. Канчалык аракет кылып жанталашкан сайын бала деген бакыт бизден ошончолук алыстап бараткансыйт. Эмнегедир ошол кезде азыркыдай жасалма бойго бүтүрүү деген акыл оюбузга келбептир. Балким тапкан тыйындын баарын коротуп, чет жакка барсак да бир айласы табылар беле... Бала багып алалы деген сунушумду аялым да, ата-энем да колдогон жок. “Бирөөнүн каны бөлөк баласы сага боорун береби? Кийин эне-атасын таап кетсе баккан эмгегиң текке кетпейби.Биздин тукумда сийдиги бөлөк бала болгон эмес” деп биринчи атам айныды.
Ошентип, Мээрим менен 8 жыл бирге түтүн булаткан жашообуздун илеби акырындык менен өчүп баратты.Төрөбөсүнө көзү жеткен аялым: “Жоодар, үйдүн улуу баласысың.Сенден кийин үйлөнгөн иниң эки балалуу болуп отурат. Багыңды байлагым келбейт. Ар кимибиз өз жолубуз менен кетели”,- деди. Бир кезде жүрөктү сыздата турган мындай сөздөр айтыларын күтүп жүргөм. Бирок жубайыма болгон сүйүүм өчпөгөндүктөн дилимде бул чындыкты кабыл алгым келбей турду. Улуулардын кеңеши, аялымдын чечими менен акыры ажырашып тындык. Жашоомдогу мындай бурулуш мага оңойго турган жок. Ичимен түтөп, сыртыман ата-энемди аяп сыр бербей эзилип жүрө бердим. Баш-отум менен жумушка сүңгүп кирип кетип жашым кыркка чукулдап калды. Буга чейин апамдын “үйлөнсөң боло” деген сөзүн кулактын сыртынан кетирип жүрүп акыры өзүм да экинчи ирет бактымды сынап көрөйүн дедим.
“Жароокер, жакшы жубай таптым деп сүйүнгөм”
- Апамдын бир тууган сиңдиси менен жакшы мамиледе элем. Бир гана ошол таежем менен сырдашчумун. Бир жолу экөөбүз сүйлөшүп отуруп “үйлөнгөнгө ылайыктуу кыз таап бериңиз” дедим. Мурда эле ылайыктап жүргөнбү же чын эле жардам бергиси келдиби, менден 6 жаш кичүү Лира аттуу бийкеч менен тааныштырды. Жашы отуздан ашса да буга чейин турмушка чыкпаптыр. Көп жылдан бери визажист болуп иштейт экен. “Ак көңүл жакшы кыз. Сени түшүнүп жашап кетет болуш керек. Төрөп берсе болду, калган турмуш өз колуңда” деген эжемдин сөзүнө шыктанып 38 жашка чыкканда экинчи ирет турмуш курдум. Жашообуз эл катары башталды. Чынын айтыш керек, мүнөзүбүз келишкенине кубандым. Анткени буга чейин бир нече жолу аялзаты менен таанышып олуттуу мамиле курууга аракет кылганымда майнап чыккан эмес. Лира ачык-айрым, шартылдаган жан экен. Бул убакта эки иним үйлөнүп калгандыктан жубайым жаны кыйналып келиндик кызмат деле кылган жок. Өз үйүбүзгө бөлүнүп, эч нерседен кем болбой жашап калдык. Мен ал кезде унаанын тетиктерин саткан дүкөн ачып жакшы эле бутума туруп калгам. Зарыгып күткөн бактым көп күттүрбөй келди. Лира тун уулубуздун артынан эки кызды удаа төрөдү. Апамдар менин балалуу болгонума кубанып, мен болсо наристе жытын жыттаганыма чечекейим чеч болуп жашап калдык. Бир караган кишиге баары жакшы, менден өткөн бактылуу жан жок. Бирок...жүрөгүмдү өйүгөн маселе кийин чыга баштады. Буга чейин деле аялымдын ал сапатын байкагам, бирок маани берчү эмесмин. Лира оокатка сарамжалы жок, акчаны ойду-келди короткон, үй-жайга карамсыз чыкты. Билбейм, балким үч баланын түйшүгү аны чарчатып койдубу деп ойлойм. Үйгө келгенде аны менен чогуу үй жыйнашып, балдардын кийимин иреттеп, ал жумуш кылып атканда кыздарымды ойнотуп тургандан деле качпайм. Үйдүн түйшүгүн го экөөлөп эптештирип атабыз. Бирок каржы маселесине келгенде сөзсүз уруш чыгат. Мен башынан эле аялдан акча катып же ага “ушуну жеткир” деп ченебеген жанмын. Акчаны “керек болсо иштетесиң” деп канча болсо коюп коём. Көп өтпөй эле карасаң баягы акча жок. Биринчи жубайым үнөмдөп бир ай иштеткен акчаны Лира үч күндө жок кылат. Эмне кылганын сурасам балдарга, өзүнө деп алган кытайдын сапатсыз кийимдерин көрсөтөт. Же “апам чалып акча керек дегенинен берип койдум” деп актанып отуруп калат. Анысына деле макулмун, иштеп турса ата-энесине өзү менден сурабай эле жардам бермек деңизчи. Сапаттуу кийим алууга экөөбүз баш кошкон беш жылдан бери үйрөтө албай койдум. Канча бир акча коротуп сатып алган кийимдери бат эле оңуп же жыртылып калат да, кийинки айда кайра эле алууга туура келет. Аялымдын мага жакпаган эң жаман жери – телефонго ушунчалык байланып калган. Өзү байланганы аз келгенсип, балдарым кичине экенин эске албай ар бирине бирден гаджет карматып отургузуп коёт.Анан кечинде үйгө келсең үй үч көтөрүлгөн болот. Же жасап койгон тамагы жок. Конок тоскондо болсо баарын эле алгандай болот. Бирок жасаган тамактарынын көбү желбей төгүлүп кор болот.
Үйгө алган буюмдардын кебетеси бат эле кетет. Жаңыны жаңыдай аяп урунганды деле билбейт экен. Ал буюм канчалык кымбат болбосун бат эле керектен чыгып башкасын сатып келүүгө аргасыз болом. Бир жолу туулган күнүнө алтындардын топтомун белек кылмак болдум. Өзүн ээрчитип барып тандаттырсам жакшысын алгандай болгон. Жарым жылга жетпей “жакпай калды” деп бөлөсүнө белекке берип салыптыр. Бул жолу жаным кашайды: “Мен эмне, акча басып чыгарып атамбы? Ар бир тыйын кандай эмгек менен келип атканын түшүнөсүңбү? Качан элдин аялдарындай болуп сарамжалдуу, бүйрө жашаганды үйрөнөсүң? Кандай эле аял жоктон бар кылып, күйөөсүнүн таап келгенин туура колдонот, ыя?” деп уруш чыгардым. Айтайын деген оюмдун, ниетимдин тереңин түшүнгөн жок. “Бакканыңды милдет кылба!” деп кыялын көрсөтүп ыйлап тим болду. Ушундан тартып аялымды өзүм тарбиялайын деп чечтим. Акчаны ченеп жеткидей берип, эмне алганын, кайда коротконун сурап баштадым. Бирок бул аракетим да текке кетти. “Катындай болуп майдачылсың!Сага эми алган чөп-чарыман бери отчёт берейинби” деп дагы күпүлдөп чыкты. Ичимен сыздап тим болдум. Ушундан улам бардык эле аялдар эркектин эмгегин баалап, таап келгенин туура уруна алабы деген суроо менен жашап калдым. Кээде отуруп алып башка аяштарымды көз алдыман өткөрөм. Айлыкка жашаган, бир айдан экинчи айга карыз болгон досторум деле бар. Аларды карасаң үстү-башы тыкан, балдары жакшынакай кийинген, аялы жаркылдап табити менен жасанган... Балдары менен батирлеп жашаган досторум деле бар.Аялдары кабагым-кашым дебей кошо жарышып иштеп, жеген-кийгенинен ашканын чогултуп жер тилке алып, бат эле үй салып алган болот.
Көрсө, көп нерсе аялдын сарамжалынан көз каранды болот тура.Кокус биз дагы батирлеп жашасак Лиранын бул сапаты менен эзели үйгө жетпесем керек эле. Аргасыздан бала чагымды эстейм. Атам ишкерлик менен алектене электе эл катары айлыкка жашачубуз. Апам төрт бала менен үйдө. Бирибиздин батпай калган бут кийимибизди экинчибиз кийип чоңойдук. Апам жоктон бар кылып, жыртык кийимге тыкыйта жамаачы салып жик билбизбей бүтүн кылып койчу эле. Мындай асыл сапаты бар аял эркек үчүн табылга экенин эми түшүнүп отурам. Ооба, аялым сарамжалы жок болгону менен мүнөзү жакшы. Уруша кетсек кайра эле жаркылдап чыга келет. Боорукер, бир жериң ооруп турса сезип үстүңө үйүрүлүп турат. Ал жакшы сапаттарын жокко чыгарбайм. Бирок мен деле өмүр бою минтип акча таап турбайм да. Менден да ден соолук кетет, балдар чоноёт. Чоңойгон сайын алардын чыгымы да көбөйөт. Эгер азыртадан тапкан акчамды үнөмдүү колдоно албаса кийин турмушубуз кандай болот? Балдарым тургандан кийин алар үчүн 24 саат бою тытынып иштеп тапканга даярмын. Бирок аялым бир кап алтын таап келсең деле чөмүчтөп чачып отуруп баркы жок болуп кеткенсийт. Тапкан акчамды ага көрсөтпөй чогултуп кийин балдарга жумшасамбы деген ой да келди. Бир казандан аш ичип аткан аялыман жашырып акча катканга дитим барбайт. Бардык кырдаалды ойлонуп чыгып азырынча эч кандай жооп таба алган жокмун. Аялымды кантип тарбиялай алам деген суроо менен окурмандарга кайрылганга аргасыз болдум. Меникиндей кырдаал башыңыздан өткөн болсо мага туура кеңеш бериңиздерчи?!
Жоодар
Булак: "Леди кж"