www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыш жакындап, күн сууктай баштаганда, сасык тумоо оорусу күч алат. Сасык тумоо менен ооруп, жөтөлүп калган учурда кымбат дары-дармекке акча коротуп отурбастан, жөнөкөй эле үй шартында колдонуп жүргөн азыктардан сироп жасасаңыз болот.

Ал үчүн болгону 0,5 кг сабиз менен 3 же 4 кашык бал керектелет.

Сууга бышкан сабизди майдалап пюре кылып  аласыз дагы, ага балды кошосуз даяр болгон сиропту муздаткычка коюп, күнүнө чай кашыгы менен 3-4 жолу ичип турасыз.

Сабиздин курамында каротин, антиоксиданттар жана башка витаминдер бар, алар бетке, чачка, көзгө пайдалуу. Эгерде даяр болгон сиропту же сабиздин согун  ичип турсаңыз, кан басымды түшүргөнгө, кандагы холестериндин бир калыпта болушуна, организмди тазалаганга, шишиктин пайда болбошуна жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости