www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата-энелердин чөнтөгүнө кол салуучу мыйзам бул”. Мына ушундай пикирин депутат Улукбек Ормонов парламентин бүгүнкү, 23-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында айтып чыкты.
- Негизи керектүү мыйзам, бирок эртең мектепке барган балага айтышат, төккүн деп. Ушул нерсени алып келип азыр мына министр баш болуп мыйзамдаштырып жатасыңар. Өзүңөрдүн чыгарган буйругуңарга каршы келип жатат”, - деп Ормонов нааразы болду.
Муну менен депутат мектептерде ар кандай акча чогултууларды мыйзамдаштыруу аракети көрүлүп жатканын белгиледи. Айтымында, мыйзам долбоорго экинчи окууда эле каршылыгын билдирген.
Белгилей кетсек бүгүн депутаттар жалпы билим берүү уюмдарындагы окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө мыйзам долбоорду үчүнчү окууда карашты. Бул мыйзам долбоорунун пункттарында мектеп фонду жөнүндө да айтылган.
Булак: NazarNews.kg