www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Заманың кургур, азыр эл менен бийлик эки жаат болуп калды. Экөө бирин-бири көргүсү келбейт. Бийлигиң өзүнүн көйгөйү менен алек, эл менен иши жок. Негизги санаасы - шайлоодо кантип керектүү саясий күчтү парламентке алып келүү керек дегендин үстүндө баш катырмай.

Ал эми элчи? Эл дагы өзү менен өзү. Мындайча айтканда, ар ким алына жараша иш кылмай, педагогу сабагы менен, доктуру оорукчаны менен, милийсасы өзүнө окшогон кылмышкер менен, соодагери соодасы менен алек. Бардыгынын эле көздөгөнү кара курсакты эптеп-септеп болсо дагы тойгузмай.

Кийинки учурда тилемчилериң дагы өзгөчөлөнө баштады. Мурда кайыр сурап жолдун ортосунда же жолдун боюнда, базар тегеректеп жүрүшчү эле. Азыр шаардын борбордук бөлүгүнө чыгып, кайыр бербеген адамдарга асыла дагы баштады. Бири колунун ортоңку манжасын көрсөтсө, экинчиси атайын шаар тургундарына асылып, провокация кылып, кийин арызданып, акча сууруп алмайды адат кылып алышты.

Муну тескеген орган барбы бизде өзү?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости