www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мектептериндеги ар бир окуучунун бир жолку ысык тамагы үчүн бюджеттен 7 сом бөлүнөт.

Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү министри Каныбек Исаков билдирди.

Буга чыдабаган депутат Улукбек Ормонов “Ошол 7 сом бир окуучунун тамагына жетеби? Өзүңөр чыгып буфеттен 7 сомго бир нерсе алып көргүлөчү” деп, андан ары министрге бул үчүн ата-энелердин чөнтөгүнө кол салбай, өкмөттөн ошол 7 сомду көтөрүп берүү маселесин чечүүсүн сунуштады.

Буга министр Исаков макул экендигин, мүмкүнчүлүккө жараша бул сумманы көбөйтүп берүү маселесин көтөрүп келе жатканын жооп катары айтты.

Эми карайлы, расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы жыт искөөчү, кылмышкерлерди издөөчү милициянын овчарка иттерине күнүнө 100 сомдон бөлүнөт. Үч маал тамак бергенде, демек, үчкө бөлсөк, бир иттин бир ирет жеген тамагы 33 сомдон жогорураак сумманы түзөт. Демек, мектептеги бир окуучунун бир жолку ысык тамагына бөлүнгөн сумма, иттерге бөлүнгөн суммадан дээрлик 6-7 эсеге аздык кылат.

Мындан да кызыгы, Кыргызстандын түрмөлөрүндө олтурган кылмышкерлердин тамагы үчүн ар бир кылмышкерге жылына 43 миң сом бюджеттен бөлүнөт. Аны 365 күнгө чаксак, демек, бир кылмышкердин тамагы үчүн бөлүнгөн акчанын күнүнкүсү 117-118 сомдон айланат. Үч маал тамак ичсе, бир кылмышкердин бир жолку ичкен тамагы 39 сомду түзөт.

Эми калганын өзүңүз салыштыра бериңиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости