www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад областтык телеканалынын директору Союзбек Абдрасулов, ЖТРКнын директору үчүн берилген кызматтык унааны жең ичинен сүйлөшүп, болгону 20 миң сомго сатып жиберди. Телеканалдын профсоюз уюуму 4-февралда бул маселени карап, директор кабыл алган чечимди колдоого мажбур болду.
Бул тууралуу өзүнүн атын атагысы келбеген кызматкерлердин бири билдирди.
“Директор өзүнө жаңы кызматтык унаа алуу үчүн учурдагы кызматтык унаасын өтө арзан баага сатып жатат. Учурда телеканалда иштеген 50гө чамалуу кызматкерлер, съемка жана башка иш чараларга колдонуу үчүн авто унаага муктаждык жогору. Бирок директор ушул маселени көз жаздымда калтырып, кызматтык унааны болгону 20 миң сомго сатып жибергени адилетсиз чечим деп ойлойм. Телеканалда кызматкерлер үчүн шарт деле жогорку деңгээлде деп айтуудан алысмын. Азыр 20 миң сомго жакшы кол телефон да келбейт да”,- деди атын атагысы келбеген кызматкер.
Учурда башкы директор колдонуп келген кызматтык унаа 2010-жылы ЖТРКга 3000 долларга сатылып алынган.
Булак: NazarNews.kg