www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумгал районда 29 жаштагы шектүү адам 47 жаштагы аялды жана анын 4 жаштагы небересин зордуктап, өрттөп кетти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз катчысы кабарлады.

Маалым болгондой, окуя 21-декабрга караган түнү Жумгал районундагы Көк-Ой айылында болгон.

"Райондук ички иштер бөлүмүнө "үйлөрдүн биринен өрт чыгып бир үй-бүлө каза болду" деген маалымат түшкөн. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Жумгал райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу чыгып алгачкы иликтөө-тергөө иштерин жүргүзгөн. Иликтөө иштерин жүргүзүү учурунда 47 жаштагы тургуну А.Э аттуу аялдын жансыз денеси өрт чыккан бөлмөдө табылган. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө каза болгон аялдын неберелери 4 жаштагы И.А. аттуу кыздын жана 7 жаштагы И.А. аттуу баланын жансыз денелери табылган.

47 жаштагы аялдын жана төрт жаштагы И.А. аттуу кыздын зордукталганы аныкталып, 7 жаштагы бала муунтулуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Учурда аталган факты боюнча толук кандуу текшерүү жана ыкчам-иликтөө иштерин уюштурулууда жана экспертиза дайындалды", - деп айтты басма сөз катчы.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 29 жаштагы Ш.К. аттуу тургуну кармалып, тергөө иликтөө иш чараларынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Шектүү убактылуу кармап туруу жайына камакка алынды. Учура аталган оор кылмыш боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости