www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ЖЭБдеги кырсыктын себептерин жана кесепеттерин аныктоо боюнча соттук териштирүү уланып жатат.

Бул жолу Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка алып келген көрүнүштөр боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулуп, алардын айланасында суроо жаралды. Кээ бир табышмактуу жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда.

Айрым адвокаттар “тергөө кырсыктын чыныгы себептерин толугу менен кылдат иликтеп, ар бир соттолуучунун жеке жоопкерчилигин объективдүү аныктап, укуктук жактан негиздүү айып койгон эмес” деп кине коюшту.

Бул кылмыш иштерин иликтеген тергөө органдары буга чейинки экспертизалардын тыянагына таянып, Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсыктын себептери катары үч негизги жагдайды атаган.

Алар - от казандары жайгашкан цехтин жылууланбаганы, катуу сууктан тоңгон жабдууну жылытуу үчүн химиялык сууну колдонуу жана анын натыйжасында туздан арылтылган суунун жетишсиздиги экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле өндүрүштүк кырсыктын алдын алуудагы персоналдын өз ара байланышынын начардыгы белгиленген.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция (Мамэкотехинспекция) түзгөн комиссиянын 2018-жылдын 8-февралындагы корутундусунда кырсыктын негизги себеби катары ЖЭБде 26-январда кезметте турган персонал аварияны алдын алууда эрежени бузгандыгы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости