www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2018-жылдын 21-декабрь күнү Чүй облустук ички иштер башкармалыгында Бузуулардын бирдиктүү реестринин  бетачары болуп өттү. Мындай маалыматты NazarNews.kg агенттигине ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын ИИМдин орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов ачып жатып: “Бузууларды каттоонун электрондук тутуму каралып жаткан иштин ачык-айкындуулугун камсыздап, бүтүндөй мамлекеттик башкаруунун тутумундагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт.  2019-жылдын 1-январынан баштап жаңы кодекстер күчүнө кирет. Буга байланыштуу, донорлордун эсебинен 2800 кодекс даярдалып, ИИОнун кызматкерлерине берилди. Жакынкы күндөрдө, ИИМдин каражатынын эсебинен 6200 жаңы кодекстерди басып чыгаруу пландалууда. Бүгүнкү күндө, факты түрүндө жалпы республикалык ИИОнун кызматкерлери жаңы кодекстер боюнча окуудан өтүшүп, зачеттерду тапшырышты. Бузуулардын бирдиктүү реестрин жайылтуу ИИМге жүктөлгөн, муну менен бирге программаларды иштеп чыгып камсыз кылууга – 32 субьекти каралган, алар бузуулар жөнүндө жалпы ишти катташат (бузуулардын жалпы багыты боюнча негизги 6 мамлекеттик органдар бар  - Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Транспорт министрлиги, Мамэкотехинспекция, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, ошондой эле жана башка ИИМдин багыты боюнча 25 ведомстволор бар). Менин төрагалыгым алдында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, ал бузуулардын бирдиктүү реестрин жайылтууга байланыштуу ченемдик укуктук актылардын долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бузууну каттоонун тартибин аныктоочу бөлүгүндөгү  Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 10-ноябрындагы №94 Мыйзамына кол койду, ИИМ тарабынан бузуулардын бирдиктүү реестри жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу  Өкмөттүн токтом долбоору талапка ылайык иштелип чыгып Өкмөттүн Аппаратына киргизилди. Буузулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча тиешелүү иш-чаралар толук көлөмдө ишке ашырылды”- деп Курсан  Асанов билдирди.Министрдин орун басарынын айтуусу боюнча бүгүнкү күнү Ички иштер министрлиги Бузуулардын бирдиктүү реестри, маалыматтарды топтоо жана аларды киргизүү  боюнча иш-чараларга окуткан презентациялар жүргүзүлүп  жатат. Ички иштер министрлиги 2019-жылдын 1-январында  күчүнө кире турган жаңы кодекстерди натыйжалуу ишке ашыруусуна Өкмөт тарабынан  84 млн. 274 миң 326 сом (сурак жүргүзүү кабинеттерин программалык камсыздоого ылайык үн  жана видео жазуу техникалык каражаттар менен камсыздоо, зарыл жабдууларга тиешелүү кызматтарды, чыгымдалган каражаттарды сатып алуу, инфраструктура түзүү) бөлүнгөн. Жалпысынан 8 тендер өткөрүлгөн.  Жыйынтыгы боюнча бүгүнкү күндө, тергөө бөлмөлөрүн жабдылоо үчүн - 618 компьютер, 618 МФУ жана 386 видео камера штативи менен алынып жана орнотулду.  Ошондой эле 137 компьютер жана бир кубаттуу сервер алынды  алар бузуулардын бирдиктүү реестринин иштөөсү үчүн жалпы компьютерлерге орнотулду. Жакында кошумча 591 дагы компьютер келип,  ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына, Коомдук коопсуздук  кызматына,  нөөмөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине жана алгач текшерүү  кызматына  берилгени жатат. Бүгүнкү күндө, ИИМ  кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин  жана бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке ашырууга жана ишке киргизүүгө  толугу менен даяр.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости