www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балта шаарында милиция кызматкери машинеси менен үч адамды сүзүп кетип, алардын бири ошол жерден мүрт кетип, экөө ооруканага жеткирилди. Бул маалыматты Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы тастыктады.

Баштапкы маалыматка караганда, машине айдап бараткан 27 жаштагы милиционер мас абалында болгон. Анын "Mercedes-Benz" автоунаасы "Nissan Cefiro" менен сүзүшүп, жанында турган адамдарга барып тийген.

Айыбын мойнуна алган милиционер Жайыл райондук ички иштер башкармалыгынын күзөт бөлүмүнүн кызматкери экени аныкталды.

Кылмыш иши козголду. Шектүү бир айга тергөө абагына камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости