www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгына арналган талдоо жана мыйзам чыгаруу ишинин келечеги илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Илимий-практикалык конференциясы кыргыз тилинде өтүп, Өлкө башчысы, ЖК төрагасы, Премьер-министр, Жогорку Соттун төрайымы, баяндамачылар жана Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. 

--“Сырттан конок чакырылган жок. Легендарлуу парламенттен тартып, депутаттар, мурдагы төрагалар, Кыргыз Эл Баатырлары чакырылды”, деген пикирин NazarNews.kg маалымат агенттигине Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров билдирди.

--Мирлан мырза, 80 жылда парламент аброй таптыбы же аброюн жоготтубу?

--Парламенттин табияты ушундай, эл тарабынан шайланып келген орган. Курамында ар кандай өкүлдөр турат. Ар бир чакырылыш өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып келүүдө. Ошону менен катар 6-чакырылыштагы парламент дагы декмократиянын жолу менен өнүгүп келе жатат. Буга далил катары кабыл алынып жаткан ачык-айкын мыйзамдар, курамы жаңы конситуциягы ылайык гендердик теңчилик, жаштар келүүдө. Эми парламент аброй таптыбы же таба элекпи ММК менен коомчулук баа бериши керек, бирок биз жаңы багытта кетип бара жатабыз. Демек, 2020-жылы боло турган келечектеги шайлоого коомчулук, партиялардын реалдуу көз караштарына карап баа бериши керек, башка кандайдыр бир багыттарына эмес. Ошондо гана биз күчтүү парламентти түптөп, сапаттуу парламентти өнүктүрө алабыз.

--Жогорку Кеңешке 80 жыл болуптур, ушул жылдар аралыгындагы "күчтүү төрага" деп кимдердин атын айта аласыз?

--Бул жылдар аралагында бир төп төрагалар болду. Алардын арасынан легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов жаңы референдум менен парламенттик башкаруу системасына өтүү менен айрымаланган Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров, Ишенбай Кадырбековду айта кетсек болот. Тактап айтканда ар бир төраганын өздөрүнүн аткарган жумуштары бар болсо, баса белгилеп атап кетейин Медеткан Шеримкулов менен Ахматбек Келдибеков күчтүү төрагалардын бири болгон. Ал эми учурдагы ЖКнын төрагасы Дастан Жумабеков жаш болсо дагы парламенттеги өнүгүүгө өз салымын кошуп келе жатат.

--Рахмат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости