www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Sky News" телеканалы өз булактарына таянуу менен Сауд Арабиясынын Стамбулдагы башкы консулунун үйүндөгү бакчадан саудиялык журналист Жамал Хашоггинин (Хашогжи) денесинин фрагменттери табылганын билдирди.
"Sky News" журналисттин сөөгү бир нече бөлүккө ажыратылганын белгилеген.
Бул маалымат расмий түрдө тактала элек. Буга чейин түрк медиасы саясатчы Догу Перинчекке шилтеме жасоо менен журналисттин денесинин калдыктары консулдун резиденциясынын кудугунан табылганын кабарлаган. Бул маалымат да расмий түрдө тастыкталган эмес.
Сауд Арабиясы бийликти, өзгөчө мураскор ханзаада Мухаммедди кескин сындап келген белгилүү журналист 2-октябрда Стамбулдагы консулдукта өлтүрүлгөнүн ырастаган. Падышалык аскер кызматкерлерин жазалоону убада кылууда. Ошол эле маалда аны жок кылуу боюнча атайын операцияга буйрук берилгенин четке каккан.
Бирок Түркия президенти Режеп Эрдоган саудиялык журналист Жамал Хашогжини өлтүрүү "күн мурунтан" пландалганын, саудиялык агенттер Түркияга журналист өлтүрүлгөндөн бир күн мурун келе башташканын жарыялады. Ал күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырып, бирок сауд бийлигин киши өлтүрүүгө түздөн-түз айыптаган жок.
Батыш өлкөлөрү Эр-Рияддын түшүндүрмөсүнө карабай, журналисттин өлтүрүлүшүн кылдат иликтөөнү талап кылууда. АКШда Сауд Арабия менен өнөктөштүктү кайра карап чыгуу чакырыктары жаңырууда.
Булак: "Азаттык"