www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төраганын ачуусун келтирип калп айткан аткаминер парламентте тил укту. Чала даярданып келип, окуусуна тапшырма аткарбай калган окуучудай болгон орун басар парламентте депутаттардын таламайында калды окшойт өзгөчө бул нерсе спикерге жакпай калды.
Төрага Дастан Жумабеков Айыл чарба министиринин орун басары "Үрөн департаменти" боюнча маалымат берип жатып төө буурчак тууралуу жаңы маалыматтарды айтканда, орун басардын калп айтканына төрагабыз кармана албай жаш балача аткаминерди урушуп салды.
Туура да, элдер төө бурчактын баасы чыкпай жатат деп төө бурчактын пайдасынан зыянын көп көрүп жатса, аткаминер караандай калпты айтып баарын шуруга тизгендей айтып жатат.
Төрага Талас өрөөнүндө өндүрүлгөн төө бурчактын сорттору эч алмашпаганын, жана да дыйкандар өз билгенин кылып өлбө жаным өлбө деп эптеп күн өткөрүп жатканын айтып карапайым дыйкандардын үнүн жеткирип койгону үчүн эл ыраазы болуп калса керек.
Булак: NazarNews.kg