www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 17-июнунда “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакунов менен Өмүрбек Текебаевдин интервьюсу интернетке жарыяланды. Анда Али Токтакунов 1 айдан бери башы айланып, адашып жооп таба албай жүргөн дежур суроосун Өмүрбек Чиркешовичке да мындай деп кайталап берип, Текебаевден так жооп алды. Бул тууралуу Сонункабарлар.кг жазып чыкты. Али Токтакуновдон суроо:

-Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз көрсөңүз керек, “Азаттык” жакында бир иликтөө чыгарды. “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген. Бул жерде 2011-жылдан, 2017-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени иликтенген да. Мындай маселелер да ошол жогорку бийликтин эң башында турган адамдын кандайдыр бир көзөмөлүсүз ишке ашышы мүмкүнбү? Ал киши билбей калышы мүмкүнбү?

Өмүрбек Текебаевден жооп:

-Кыргызстан 1990-өзгөчө 2000-жылдардан баштап өзгөчө режимди, ошонун ичинде валюта ишинде өзгөчө режимди тандап алганбыз. Мисалы, Израилдей. Израилге мешоктоп акча уурдап алып келип атсаң, каяктан алып келип атасын деп сурабайт. Ташып эле ошонун ичине кирип кетсен болду. Биз ушул системага өткөнбүз. Ошон үчун кыргызстанга мешоктоп, буквально мешоктоп Тажикстандан, Өзбекстандан (аларда валюталык режим өтө күчтүү болгон да) кыргызстанга келип, иш боюнча бут дүйнөгө тарап турган. Анан, азыркы Банк финансылык системасы өзүнүн ишенимдүүлүгүн жоготуп атат. Америкага жакпай калсаң, Каддафинин, Саддам Хусейиндин, Мадуронун же африкадагы диктаторлордун, же орустун компанияларынын акчаларын тоңдуруп, бербей коюп атат. Керек болсо орустарды дүйнөлүк Банк системасынан кесип коебуз, деп коркутканга чейин барып атат. Көп өлкөлөргө ушундай санкциялар, Иранга жана башка өлкөлөргө ушундай санкциялар жарыяланды.  Мына ушул кезде алтернативалык, финансылык валюталык система түзүлдү. Бул байыркы орто кылымдагы система. Алтын нак акча, миллиярддаган долларлар ары бери ташылып атат да, тонналаган алтын ары-бери ташылып атат. Акыркы жылдарда Кыргызстан ошондой ключевой деп коелу, мурда жибек жолунун боюнда кербен сарайлар болгон да, Бакиевдин учурунда да болгон, Атамбаевдин тушунда Кыргызстан ошондой ключевой пунктка айланды. Мага бирөөлөр айтты эле, Кум-Төр, Кум-Төр, деп кыйкырасыңар, Кыргызстандын Жалал-Абад облусунан эле Кум-Төрдөн чыккан алтындан кем эмес алтын чыгат, ошол Кыргызстандан сыртка ташылып, Кыргызстанга пайдасы тийбей жатат-деп айткан. Бирок, алтынды Кыргызстандан алып чыгып, башка өлкөлөргө алып кириш деле кыйын. Эми анын өзүнүн жолдору бар. Бирок, мен Дача-Суудагы авария болгон самолет Кыргызстандан чыккан алтынды, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандан Кыргызстан аркылуу жыйналган тонналаган алтынды Стамбулга ташып кетип жаткан, деп шек санагам. Анткени Стамбул алтернативалык Банк валюталык системасынын борбору болуп калды. Жакынкы чыгыш деп мен айтып жатпаймбы. Миллиярддаган акча, алтын түрүндө, акча түрүндө туруп ошол дүйнөнун (мамлекеттин. Ред.) соодасын жүргүзүп калды. Кыргызстандан чыккан тонналаган алтынды ошол самолет, жүк ташыган Боинг турцияга ташып, Турциядан нак акчаны Гонгконгго ташап аткан болуш керек деген менде шек бар...

Али Токтакуновдун бир айдан бери жооп таба албай чатышып калган суроосуна Өмүрбек Чиркешович: “Ошон үчун кыргызстанга мешоктоп, буквально мешоктоп Тажикстандан, Өзбекстандан (аларда валюталык режим өтө күчтүү болгон да) кыргызстанга келип, иш боюнча бүт дүйнөгө тарап турган...”-деп так, даана жооп берди. Алинин 700 миллион доллары кандай жол менен Кыргызстандан сыртка чыгарылып кеткенин эми түшунгөн чыгарсыз урматтуу окурман. “...Оболоп каккан канатын Окусаң терме, санатын Бир туруп бийик эргисең, Бир туруп отко жанасың. Анчалык мээң жок болсо Акылдуу боло каласың...”-деп Байдыкем Барпы акынга баа бергендей, Өмүрбек Чиркешовичтин ушул интервьюсун кайра бир окуп сыксаң Али мырза “анчалык мээң жок болсо, акылдуу боло каласың!”  Бизге бир түшүнүксуз жагдай, “Азаттыктын” кабарчысы Али Токтакуновдун Райим Матраимов аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду каралоого багытталган төмөнкү буйуртма суроосу болду. Назар салып дагы бир окуп көрүңүз азиз окурман: “Өмүрбек Чиркешович, өзүңүз көрсөңүз керек, “Азаттык” жакында бир иликтөө чыгарды. “Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи” деген. Бул жерде 2011-жылдан, 2017-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен 700 миллион доллар чыгарылып кеткени иликтенген да. Мындай маселелер да ошол жогорку бийликтин эң башында турган адамдын кандайдыр бир көзөмөлүсүз ишке ашышы мүмкүнбү? Ал киши билбей калышы мүмкүнбү?” Бул суроо менен Али Токтакунов карапайым элдин башын айландырып, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду элге жек көрсөткүсү келгенин байкоого болот. Калп айтып жатып, аягында өз калпына өзү ишенип калган апендинин кейпиндеги мындай бир беткей далилсиз каралоолору менен Али Токтакунов “Азаттыктын” абийирин кетирип бүтмөй болду. Ааламга үнү жеткен “Азаттыктын” деңгээли ушунчалык төмөн түштү беле?-деп бул кара пиарды түшүнгөндөр ийин куушуруп ирээнжий баштады. Башканы кой, Бишкектин Москва-Совет көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеке менчик акча алмаштыруучу пункттарына барып маалымат алып көрсөңүз, бир күндө бир акча алмаштыруучу пункт чет мамлекеттерге элден чогулган канча миңдеген доллар жөнөтүп, канча миңдеген доллар акчаны алып турганын сизге айтып берет. Каралоонун да чеги болот го. “Азаттыктын” мынчалык сабатсыз деңгээлге түшүп Ажоону каралаганга жасаган аракети уят иш болуп турат...

Последние новости