www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке мэр болгон Нариман Түлеев камалып келди, Кубаныч Кулматов менен Албек Ибраимовдордун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал эми дагы бир Бишкекке мэр болгон Иса Өмүркуловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп соттолгону калганда жандосу Атамбаев президенттик бийлигине таянып  алып калган. Бүгүн Бишкекке өзү кыргыз, бирок кыргызча билбеген Азиз Суракматлов мэр. Суракматовдун өз эне тили кыргыз тилин үйрөнүүгө далалаты чоң, айтарыбыз Феликс Куловго окшоп кызматка келсе эле кыргыз тилин үйрөнүмүш болуп, кызматтан түшсө эле, кыргыз тилинин эмне кереги бар деп, бармагын салаасынан чыгарбасын. Кыргыз тили башкаларга кереги жок болсо да кыргыздар үчүн керек. Бишкек Ош сыяктуу 3 миң  жылдык карт тарыхы болбогону менен кыргыздын борбору. Азырынча Азиз Суракматов кышка даярдык көрүп “Жал” кичи районунда өз ишин баштаптыр, кызык бир жылдан кийин ишин баштады, эртең “Жалда” да жалындуу иштеп кетип, мурункулардай болуп кылмыш иши козголбосо болду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости