www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңеште мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча каралууда. Жыйында бакылдаган бир топ депутаттарга, парламентарий Карамат Орозова “өткөнүн” эстетип койду.
Анын айтымында, жөнөкөй депутаттар ага жылдап кире албай койгон. Ал эми азыр шыбап жаткандардын көбү, ошондо сый –урматка жетип, сыйлыктарды алган.
“Кээ бириңиздер “Урматтуу Алмаз Шаршенович, сизден биз көп нерсени үйрөндүк, бизди такшалттыңыз, тарбияладыңыз”, “Урматтуу Алмаз Шаршенович, сиздин атыңызды Түндүк-Түштүк жолуна коелу”, “Сиз журт атасысыз”, “Сиздин эмгегиңизди өтө жогору баалайбыз, КР Баатыры деген наам берели” дегенсиздер. Силерди колдодубу, президентибиз ал кишиге КР Баатыры наамын ыйгарды. Ошондой кызмат көрсөтүп жатып көпчүлүгүңөр мамлекеттик кызматтарды аркаладыңар, сыйлыктарды алдыңар, сый көрдүңөр. Экс-президенттин маалында биздей жөнөкөй депутаттар үч жылдап анын кабылдамасына кирүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Себеби ал киши сиздердей жакын досторунан, табакташтарынан бошобой, бизди кабыл алган эмес.”, - деп айтты К.Орозова.
Булак:NazarNews.kg