www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Иса Өмүркулов уюштуруучулардын бири эмес беле. Келбей койду деп ошону айтып жатасыз да. Сиздин божомолуңузда кандай негиз менен катышпай койду?

--Иса өзү теледен чыгып,  съезди саясий кеңеш чакырды деген. Менин божомолум боюнча, алар тилегине жетти. КСДПны көчүп жаткан дарыянын жээгине алып келип коюп койду. Эми өздөрү башка партия түзөбүз десе, жасакерленип бийликтин түбүнө жетишет. Капчыктуулар ошол тарапка суу аккандай агып келет. Эгер ушундай болсо, үч жарым жылдан кийин бүгүнкүдөн дагы жаман болот. Азыр парламенттеги коалиция факт түрүндө жок. Негизги сөөк КСДП болчу. Булар бөлүнүп-жарылып кетти. “Республика- Ата Журт” фракциясы дагы бөлүнгөн. “Кыргызстан” башынан эле бирдиктүү эмес. Булардын лидерлерине көпчүлүк депутаттар баш ийбейт. Ушул жагы дагы түшүнүксүз абалга кептелди.

--Сөзүңүзгө караганда Атамбаев менен жолугуп, сүйлөшкөнгө даяр окшойсуз?

--Мени эч кимден коркпойм. Жолугам деген киши менен жолугуп сүйлөшөм. Алмаз дагы жолугам десе жолугушуудан качпайм.  Болгону анын менчик кабинетинде эмес. Нейтралдуу жерде жолугууга даярмын. Ал бүгүнкү күндү өз башына өзү алып келди. Эмне эксе, ошонун түшүмүн жыйнап жатат. Бул үчүн Жараткандын, элдин алдында өзү жооп берсин. Мен анын ишине аралашкан эмесмин. Аралашып калганымда мен дагы чогуу жооп бермекмин да. Жолукканда дагы келечек үчүн “Тарт тизгинди, урушсаң эл жок жерге барып маселеңди чечип ал! Элди бузбай тынч койгула!” деп айтмакмын.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости