www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров сен үчүн камалган Каныбек Осмоналиевди дагы "кидать" эттиң". Мындай пикирди саясатчы Жылдыз Жолдошова социалдык баракчасына жазды. 

--"Кайсы бийлик болбосун "жугундукорлорун" чындыкты айткан инсандарга "фас" дээдиртип койчу. Бирок, азыркы бийликтин үй-бүлөсү менен түптөгөн "жугундукорлору" бар десе, мен ишенбей, Айгүл Жапаровадан баштап, баарын коргоого алган элем. Көрсө чын эле бар экен. Алардын "жугундукорлорунун" айлык акылары айына 70 миңден 120 миң сомго чейин түзөт деген кеп бар. Ошол чын окшойт. Албетте, мындай акчага, керек болсо, "жугундукорлор" энесин эмес, өлкөнү дагы сатат.

Садыр Жапаров, ушул даражага бизге окшогон инсандар аркылуу жеткениңди унутпашың керек.

Эгерде Садыр унутса "жугундукорлору", "абийири" жок инсандардан группа түзүп, фейктер аркылуу, акылга сыйбаган, уят сөздөр менен, жашы улуу инсандар жөнүндө жаздырганыңар, урматтуу Садыр Жапаровтун үй-бүлөсү, силерге "абийир" алып келбейт.

Садыр, сени чын дилинен, колдоп келгендерди эле эмес, сен үчүн камалган Каныбек Осмоналиевди дагы "кидать" эттиң. Азамат экенсиң", - дейт Жолдошова. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости