www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын (ЕӨРБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен видеоконференция форматында жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, анда Кыргызстан менен ЕӨРБдин ортосундагы кызматташуу деңгээлин жакшыртуу маселелери талкууланган.

Президент ишкерлердин жана инвесторлордун көйгөйлүү маселелерин талкуулоо жана чечүү максатында президенттин алдында атайын кеңеш түзүү пландалып жатканын маалымдады. Ошого байланыштуу ЕӨРБди бул кеңешти түзүүгө катышууга жана колдоо көрсөтүүгө чакырганы айтылды.
Президент учурда Кыргызстандагы инвесторлорго шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын кошумчалады.

"Жапаров Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкын энергетика, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, айыл чарба, туризм сыяктуу артыкчылыктуу тармактарда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык ресурстарды активдештирүүгө жана мобилизациялоого чакырды. Ал энергетика тармагы масштабдуу технологиялык жаңыланууну талап кыларын белгилеп, бул үчүн олуттуу инвестициялар керек болуп жатканын айткан. Ошондой эле көңүлдү чакан жана орто бизнести колдоого бурууга чакырды", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчы ЕӨРБден өлкөдөгү ишкердикти колдоо үчүн насыя берүүдөн тышкары ишкерлер үчүн жаңы финансылык инструменттерди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнгөн.

Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын президенти Одиль Рено-Бассо ЕӨРБ Кыргызстанда банк тармагын, жеке секторду жана туризмди дайыма активдүү инвестициялап келгенин белгилеп, бул багыттарда дагы көп пландары бар экенин кошумчалады.

Ал Кыргызстандын бизнести көмүскөдөн чыгаруу боюнча иш-аракеттерин кубаттап, ЕӨРБ энергетика тармагында жаңы жумуш орундарын камсыз кыла турган долбоорлорду ишке ашырууга, текстиль жана туризм чөйрөлөрүндө, калкты суу менен камсыз кылуу маселелеринде колдоо көрсөтүүнү пландап жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости