www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 29-октябрь Залкар илимпоз, белгилүү Манас таануучу, жазуучу, атактуу тилчи, котормочу жана педагог, "Манас" эпосту эң алгач Сагымбай Орозбаковдун вариантын кара сөз түрүндө жазып чыккан Зияш Бектеновдун 110 жылдык мааракеси.
Зияш Бектенов көзү тирүү болгондо бүгүн 110 жашка чыкмак.
Зияш Бектенов 1911 жылы 29 октябрда Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.
1916-жылы Улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн маалында Зияш Бектенов ата-энесинен ажырап томолой жетим калат.
1925-жылы өз айылындагы башталгыч мектепти, 1930-жылы Фрунзедеги педтехникумду, 1940-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
1927-ж. "КЫЗЫЛ УЧКУН" - кыргыз педагогикалык техникумунда уюшулган адабий ийриминин мүчөсү.
Эмгек жолун 1930-жылы Сүлүктү шаарында райондук элге билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштөө менен баштаган.
Зияш Бектенов Сүлүктү шаарында бир жылдын ичинде 57 башталгыч мектепти ачкан.
1931-1932-жж. Борбордук басма комитетинин Президиумуна караштуу СССР элдеринин борбордук басмасынын Кыргыз секциясынын жооптуу катчысынын орунбасары, Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окутуучу,
1932-1934-жж. Кыргызмамбаста окуу-методикалык бөлүмдүн башчысы,
1940-1942-жж. Пржевальскидеги мугалимдер институтунда директордун орунбасары болуп иштеген.
1942-1946-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1946-жылдан СССР ИАсынын Кыргыз филиалынын тил адабият институтунда фольклор жана «Манас» эпосу секторунун башчысы жана кенже илимий кызматкер,
1956-1961-жж. «Мектеп», «Кыргызстан» басмаларында жана Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында иштейт.
Ал эми 1961-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун ыкмалары кафедрасында ага окутуучу жана доцент болгон.
1933-жылы Зияш Бектенов менен Ташим Байжиев тең авторлукта биринчи жолу 3-4-класстар үчүн кыргыз тили окуу китебин чыгарышкан, ал эми 1949-жылы орто мектептер үчүн кыргыз адабияты боюнча биринчи окуу китебин түзүшкөн.
З.Бектенов А.Н.Островскийдин, Н.В.Гогольдун, К.Гольдонинин, Д.Фонвизиндин, А.М.Горькийдин, А.А.Фадеевдин, Н.Хикметтин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Агартуучулук тармакта жогоркудай эрдиктерди көрсөткөн Зияш Бектеновдун дагы бир эмгеги Ал көп жылдар бою Манас эпосун изилдеген.
Кыргыз элинин бирден бири сыймыгы болуп, атадан балага, муундан муунга сакталып туруп бүгүнкү күнгө чейин жеткен Манас эпосун изилдөдө Зияш Бектеновдун ысымы биринчи болуп кездешет. Анткени ал эпосту изилдөгө студент кезинен кызыккан алгачкы окумуштуу болгон.
Зияш Бектенов "Манас" эпосту жогорку тепкичтеги илимпоз болуп, эң алгач Сагымбай Орозбаковдун вариантын кара сөз түрүндө жазып чыккан. Анын эмгектери «Маданий майдан», «Ала-Тоо» журналдарында жарык көргөн.
1986-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
«1941-1945-жж. Германия менен болгон согуштагы жеңиши үчүн», «Эмгек ветераны» медалдары, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эл агартуусунун отличниги.
1950-жылы Эл үчүн болгон ак кызматы бурмаланып Зияш Бектенов "улутчул", "эл душманы" деген жалган жалаа менен негизсиз репрессияга туш болуп 10 жылга "Манас" эпосу үчүн эркинен ажыратылган!!!
P.S. Зияш Бектеновду Касым Тыныстановдун окуучусу жана Манас эпосу аркылуу пантүркчүлүк, панисламизм идеясы жайганга шектүү катары кармап өз мекенин сүйгөндүгү үчүн Карагандадагы лагерге жөнөтүшкөн.
Ал мезгилде өз мекенин сүйүү ашкере улутчулдук катары бааланчу.
1955-жылы боштондукка чыгып, дагы 5 жыл үй түрмөсүндө отурган.
1956-жылы толугу менен акталып бошотулган жана бардык граждандык укуктары калыбына келтирилген.
1961-жылдан өмүрүнүн аянгына чейин (1994-ж.) СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) филология факультетинде ага окутуучу, доцент, 1991-жылдан тартып ардактуу профессор катары эмгектенген.
Зияш Бектеновдун замандаштары аны көзү тирүсүндө "тирүү энциклопедия" деп аташкан.
Кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири, белгилүү агартуучу, залкар илимпоз, атактуу Манас таануучу Зияш Бектенов 1994-жылы дүйнөдөн кайткан.
Мен жашымдан досу болдум эмгектин,
Эмгек менен дайым чеке тердеттим.
Эмгек, кайрат байлабаса белимди,
Эбак тоңуп, мен ачкадан өлмөкмүн.
Кайрат жокто сездим иштин оңбосун,
Кайда жүрсөм — кайрат болду жолдошум,
деп элине опол тоодой эмгек кылып, ошого карабастан оор тагдыр кечирип, кайгысын кайраты менен женген уулу илимпоз Зияш Бектеновдун кыргыз илим - билимине чыйыр салган узак сапары бүгүн унутта калган жок.
Зияш Бектеновдун жаркыраган элеси, өлбөс - өчпөс эмгектери аны билген замандаштарынын, кыргыз элинин эсинде түбөлүккө жашай берет!
Булак: NazarNews.kg