www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Зилалиевдин бүтпөгөн жоруктары тууралуу узун сөздөр, ар кандай сындар айтылып келет. Зилалиевдин дагы бир иштери бүгүн дагы айтылды. Бул тууралуу Фейсбук тайпасындагы "Чыркыраган чындык" тайпасы жазып чыкты.

Бүгүн мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында өтүп аткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда кен чыгуучу жайларга эң көп лицензия берилгенин билдирди. 

Анын айтымында бүгүнкү күндө Д. Зилалиевдин тушунда лицензия алышкан 13 компания боюнча факты иликтенип жатат экен. Эгерде салыштырмалуу айта турган болсок, Кыргызстан эгемендик алган жылдардан бери канча кен чыгуучу жерге лицензия берилген болсо, ошонун үчтөн эки бөлүгүн түзөт экен. Д. Зилалиев Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинде үч жылга чукул, андан кийин Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу Мамлекеттик комитетин бир жылдай башкарган.

Ошондо ал төрт жыл ичинде эле Кыргызстандын кен байлыктарын оңду-солду таркатып салган болобу? Эгемендик алганыбызга жалпысынан 28 жыл болду дейли, ошонун 24 жылында берилген лицензиялардын санынан дагы эки эсе көп лицензияны Д. Зилалиев берген болуп атат да.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости