www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын жалган кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тийиштүү иш-чаралардын алкагында жасалма кызматтык күбөлүктү колдонуп, «УКМК кызматкеримин» деп өзүн тааныштырып, укукка каршы жоосундарды жасап жаткан жаран аныкталды.
Ошону менен бирге, УКМКнын дарегине жаран арыз менен кайрылып, аталган жаран ар кандай шылтоолор менен 500 миң сом акча каражатын опузалап алгандыгын билдирген.
23-июнда кайрадан эле жасалма документти колдонуп, өзүн УКМК кызматкери катары көрсөткөн жаран пара менен кармалып, өздүк тинтүү учурунда андан УКМК кызматкеринин формасын кийген сүрөтү бар жасалма документи алынган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, кылмыш ишиндеги төгүндөлгүс далилдерди эске алуу менен жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланып, башка тиешеси бар адамдар такталууда.