www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айрым учурда логикага сыйбаган, түшүндүрүүгө оңой болбогон нерселер болуп кетет. Алардын бири Индонезиянын Нининг Сунарсих аттуу айымына таандык бир окуя эч бир акылга сыйбай турат.
Бир жарым жыл мурда 52 жаштагы бул айым Ява аралындагы курорттордун биринде эс алууну чечет. Мына ошол күндөрдүн биринде абдан катуу шамал болот. Ошол учурда пляжда жүргөн Сунарсихти чоң толкун океанга тартып кетет. Ал кыйкырып, жардам чакырганы менен аны катуу шамалдан улам эч ким куткарууга батына алган эмес.
Качан гана бул алаамат тынчыганда Нинингди издөө иши башталган. Куткаруучулар бир нече күн деңиз жээктерин издеп чыгышкан. Бирок, жоголгон айымдын сөөгүн таба алышкан эмес. Арадан бир нече апта өткөндөн кийин Сунарсихтин жакындарын өлгөн адамдын денесин таануу үчүн чакыртышат. Ал дене канчалык таанылгыс начар ахвалда экенине карабай, туугандары ал аялдын денеси эмес экенин ишенимдүү айтышкан. Мындан улам куткаруучулар аялдын денеси суу жашоочуларына жем болду деп ойлоп калышат.
Анткени трагедиялык бул жайдын тарыхындагы көпчүлүк окуялар ушундай эле аяктап келген. Бирок, бул жолку окуя фантастикалык өңүткө бурулуш алды. Сунарсихтин жоголгонунан бир жарым жыл өтүп, унутула баштаган убакта мистикалар башталат.
Жакында эле, 2018-жылы июнь айынын аягында Нининг таякесинин түшүнө кирет. Анда жээни туугандарын көл жээгине чакырган болот. Алгач таякеси түшүнө ишенген эмес. Бирок, Нининг кайта-кайта түшүнө кире берген.
Индонезия эли ырым-жырымга жакын келишет. Ошондуктан таякеси туугандарына түшүн айтып берет. Туугандардын ортосунда дал ошол Нининг жоголгон Батыш Ява аралына барып келүү чечими чыгат. Биринчи күнкү издөөлөрү эч жыйынтык бербейт.
Бирок, издөөнүн экинчи күнү керемет көрүнүшкө кабылышат. Баягы жерде, баягы кийип жүргөн кийими менен эс учун жоготуп жаткан Нинингди туугандары таап алышты. Ал жакынкы аралыктагы ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анда аялдын ахвалы оор экенин, бирок, жашап кетерин айтышкан.
Азырынча аялдын 1,5 жыл бою кайда жүргөнү жана ага эмне болушу мүмкүн экени эч кимге белгисиз. Андай маалыматты бир гана Сунарсихтин өзү айтышы мүмкүн. Ал бир нече жума эсине келбей, акырындан өзүнө келип жатат. Бирок, ал бул бир жарым жыл ичинде эмне болгону, кайда жүргөнү тууралуу эстей албайт.
Ага эмне болгон? Нининг кайда жүргөн? Бул суроолор дале жоопсуз...
Булак: NazarNews.kg