www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан катталган айып пул 581 млн сомго жетти.
ИИМ 2019-жылдын 1-январынан тарта “Жоруктардын бирдиктүү реестрин” ишке киргизген. Жоруктардын бирдиктүү реестри мыйзам бузуулар жана бузуучулар жөнүндө катталган маалыматтарды, аларга колдонулган жазаны, кошумча кесепеттерин каттоо, аларды чогултуу үчүн иштелип чыккан автоматташтырылган маалыматтык система. Жогорудагы система банктык мекемелер жана “Кыргыз почтасы” менен бириктирилген.
2019-жылдын 10 айында Жоруктардын бирдиктүү реестринин системасына ИИМ 407801 жорукту каттап, жалпы суммасы 628 354 500 сом айып пул салган. Мамлекеттик уюмдар тарабынан катталган айып пулдун жалпы суммасы 725 436 000 сомду түзөт. ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 581 млн сом айып пул каттаса, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы 45 млн сом каттаган.
Булак: NazarNews.kg