www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаңы киргизилген мыйзамдарга ылайык 1-январдан 4-январга чейин мас болуп унаа айдагандардын саны 15ке жеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жаңы мыйзам боюнча салынган айыптын жалпы суммасы 262 500 сом болду.
Айта кетсек, жаңы жылдан тартып күчүнө кирген Административдик кодекске ылайык 1-январда биринчи жолу Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мас абалында автоунаа айдап бараткан айдоочу кармалып, 17 500 сом айыпка жыгылган.
Буга чейин коопсуздук кемерин тагынбагандарга 300 сом, мас айдоочуларга 10 миң сом айып салынып келген.
Эреже бузганы үчүн жарандардын айдоочулук күбөлүктөрү алынбайт, бирок протокол толтуруу тартиби күчүндө калтырылды.
Булак: NazarNews.kg