www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иштери жоголуп кеткен боюнча фактылар табылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан токтотулган кылмыш иштерин текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин тергөө кызматы тергеп жаткан кылмыш иши козголгон түрдүү оордуктагы кылмыштар боюнча 20 кылмыш иши жок болуп чыккан.

Бул боюнча ар тараптуу жана так иликтөө жана буга байланыштуу кызмат адамдарына юридикалык баа берүү үчүн материалдар Жазалардын бирдиктүү реестрине шалаакылык беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

Бул кылмыш иштери жөн эле жок болуп кетпестиги белгилүү, балким, кимдир бирөөнү какшаткан ууру, алдамчы же андан да чоң кылмыш кылган адамдар ушинтип “жоготуп жиберген” тергөөчүлөрдүн аркасы менен ээн-эркин жүргөндүр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости