www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министри өкмөт башчысына жакын Социалдык фонддун маалыматына караганда, мыйзам долбоорунун башкы максаты тигүү жана текстиль өнөр жайынын өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү жана бул тармактагы көмүскө экономиканы көрүнөө чыгаруу болуп саналат. “ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөр да тигүү жана текстиль өнөр жай тармагына бир топ жеӊилдиктерди берүүдө. Ошондон улам, Кыргызстандын тигүүчүлөрү көмүскө кетип, жумушчу орундардын кыскаруусу байкалууда.
Мыйзам долбоорунда юридикалык жактар менен жеке ишкерлердин ортосундагы камсыздандыруу төгүмдөрүн жана киреше салыгын төлөө боюнча төмөнкүлөр белгиленген:
1. Жалданган кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан ашык тигүү жана текстиль тармагында өндүрүш ишмердигин жүргүзгөн юридикалык жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендерин 5 жылдык мезгилде (2019-жылдан 2023-жылга чейин) орточо айлык эмгек акынын 40-12 пайыз өлчөмүндө.
2. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу бюджетине төгүмдөрдү жана башка төлөмдөрдү өз убагында же толук төлөбөгөндүгү үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн өз алдынча төлөгөн (жеке ишкерлер жана жеке жактар) камсыздандырылуучуларга жана камсыздандырылган адамдарга эмгек акынын (кирешенин) суммасы төмөндөтүлгөн, жашырган учурларда айыптарды жогорулатуу.
Бул чаралар топтолуп келип камсыздандырылган жарандарды пенсиялык камсыздоо үчүн эле зор мааниге ээ болбостон, текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизерин, ошондой эле эмгек миграциясы менен байланышкан көйгөйлөрдү да чечүүгө мүмкүндүк берерин белгилей кетүү керек.
Бул тармакта 200 миңден ашык адам көмүскөдө иштейт. Көмүскөдө жүргөн 100 миң адам минималдык санынан иштегендердин 30 пайыз (30 миң адам) көмүскөдөн чыгарганда, жылына Соцфонддун бюджетине 334 млн сомдун жана мамлекеттик бюджетке 142 млн сомдун тегерегинде кошумча каражаттын түшүшү күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, экинчи окуунун жүрүшүндө депутаттар Соцфонддун мындай демилгесин колдой турганын билдирүү менен бирге, жеӊил өнөр жайдан тышкары өнөр жайдын башка тармактарына да ушундай эле жеӊилдиктерди караштыруу зарылдыгын белгилешкен.
Социалдык фонддун башчысы быйыл күзүндө парламенттин кароосуна ошондой мыйзам долбоорун киргизе турганын айткан. “Баардык тармактарга жеӊилдиктер каралат, бирок азыркыдай 12 пайыз эмес, камсыздандыруу төгүмдөрүнүн коюму тармактын өзгөчөлүгүнө жараша коюлат. Ошондо көмүскө экономиканын 30 пайызы көрүнөө чыгат деген ойдомун”, - деген эле Медер Ирсалиев.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg