www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурунку башчысы Улан Чалбаев 5 жылга эркинен ажыратылды.

Белгилүү болгондой, Бишкектин Биринчи Май райондук соту мындай чечимди кечээ, 19-ноябрда чыгарган.

Эске салсак, Улан Чалбаев Карганбек Самаковдун өкүмүн жумшартып берүү үчүн андан акча талап кылган.

УКМКнын кызматкерлери 2018-жылдын апрель айында Башкы прокуратуранын башкармалыгынын мурунку башчысы Улан Чалбаевди 200 миң доллар пара алып жаткан учурда кармаган.

Баса, дал ушул 200 миң доллар УКМКнын имаратынын ичинен жоголуп кеткени тууралуу маалыматтар айтылып, аны УКМК четке каккан. Акча сейфинен жоголгон УКМКнын тергөөчүсү депутат Канат Исаевдин күйөө баласы экендиги белгилүү болгон. Ал бул окуядан кийин өз арызы менен кызматтан кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости