www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бассейн, спорттук жана балдар ойноочу атайын аянтчалар, автоунаа токтотуучу жайлар, сейил бактар, баардыгы тартипке салынган, баардыгы таза. Бул Бишкектин келечектеги “Түштүк” жана “Ден-соолук” аталышындагы эс алуучу жайлары. Албетте, азырынча бул шаардык архитекторлордун элестетүүсү, кыялдануусунан жаралган 3D план. Аны шаардын башкы архитектору Асхат Тулебердиев муниципалитеттин бүгүнкү, 29-октябрдагы жыйынында көрсөттү.

Алдыда парктарды куруу ишиндеги сметаларды кайрадан карап чыгып, куруу чыгымын оптималдаштыруу маселеси турат. Муну шаар мэри өзүнүн турак жай боюнча орун басары Мирлан Амантуровго тапшырды.

Ошондой эле Азиз Суракматов бул дүйнөлүк стандарт менен жасалган долбоорду дал өзүндөй ишке ашыруу талабы турганын эскертип өттү. Ага ылайык, техникалык документтер - инженердик-техникалык кызмат жана долбоорлордун эскиздерин экспертизадан өткөрүүнү куруучулар менен архитекторлорго сунуштады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости