www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-январь күнү саат 11:15те Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө аталган айылдын 45 жаштагы тургунунун сөөгү өз үйүндө табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ош ОИИБинен NazarNews.kgге Жеңиш Аширбаев билдирди.

Кара-Суу районунун Сүрөттүү-Таш айылынын 46 жаштагы тургуну таанышынын боорун жара тээп, өлүмүнө себепкер болду деп шектелип кармалды. 

Жерине барган милиционерлер жаран киши колдуу болгонун аныктаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жабырлануучу катуу соккудан улам боору жарылып каза тапканы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Маалыматка караганда, каза болгон адам 2014-жылдан бери жалгыз жашап жүргөн. Ал эми шектүү мурда эки ирет соттолгону айтылды.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости