www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея жана АКШда биринчи жолу 5G технологиясы ишке кирди. Ал смартфон колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет деп айтылууда.

"Самсунг" компаниясы Galaxy S10 смартфондору 5G байланышына кошулганда, интернет жыйырма эсеге тездейт деп билдирди.

Бир нече өлкө 5G технологиясын өнүктүрүп, өлкөгө жайылтууну көздөп турат. 5G айдоочусуз унааларды колдонуу үчүн да маанилүү экени айтылууда.

Бирок жаңы технология коопсуздукка коркунуч жаратат дегендер да бар.
5G деген эмне?
5G смартфондогу интернет байланышын түзгөн технологиянын бешинчи мууну. Чөнтөк телефон колдонуучулар тез жана туруктуу интернет байланышына мүмкүнчүлүк алат.
Талдоочулар 4G байланыштан 5G технологиясына өтүү чоң секирик болоорун белгилешүүдө
Биринчи муун деп саналган 1G технологиясы үн менен байланышууга мүмкүнчүлүк түзгөн, 2G текст, 3G сүрөт, ал эми 4G байланышы менен видео аркылуу баарлашып калдык.

Бешинчи муун деп саналган 5G интернетти он эсеге чейин тездетет. "Самсунг" компаниясы болсо алардын смартфондору менен интернет жыйырма эсе тез болоорун айтууда.

Технология айрым өлкөлөрдө сыноодон өтүп жатат. Жакын арада айрым компаниялар аны кеңири жайылта баштайт.

Смартфондордун нуру канчалык зыяндуу жана кантип андан сактанабыз?
Дүйнөдө интернет бир эле күнгө өчүп калса эмне болот?
2050-жылга адамзаттын алдында турган көйгөйлөр
Түштүк Кореяда өткөн аптада үч компания 5G кызматын сунуштады. АКШда болсо Verizon компаниясы эки шаарда 5G кызматын сунуштай баштады.

5G коопсуздукка корунуч жаратабы?
5G байланыштын инфраструктурасы кытайлык Huawei компаниясынын катыштыгы менен түзүлгөндүктөн, айрым мамлекеттер коопсуздук маселесин көтөрүүдө.
Түштүк Корея 5G байланыштын инфраструктурасын өнүктүргөн өлкөлөрдүн бири
Буга чейин жаңы технологиялардын гиганты Huawei Кытайга тыңчылык кылууга көмөктөшөт деп АКШ билдирген. Кошмо штаттары бир нече жылдан бери Huawei компаниясына каршы далилдерди топтоп келди. Алардын пикиринде, кытайлык компания Бээжиндин буйругун аткарып, технология жаатында уурулук кылат. Huawei болсо мындай дооматтарды четке кагууда.

АКШдан тышкары, Австралия менен Жаңы Зеландия Huawei компаниясынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизип, бул компания сунуштаган 5G байланышынан баш тарткан.

5G технологиясын көзөмөлдөө коммуникация тармагынын маанилүү бөлүктөрүн башкаруу катары саналат. Талдоочулардын айтымында, 5G байланышы аркылуу Huawei сыяктуу компниялар тыңчылык кылууга мүмкүнчүлүк алат. Келечекте айдоочусуз унаалардан тарта үйдөгү электрондук жабдыктарга чейин 5G технологиянын жардамы менен иштеп калат.

Ага карабастан мобилдик операторлордун тыңчылык кылганы тууралуу бир дагы факты каттала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости