www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 76 жыл толот. Мамлекеттик каттоо кызматы Жеңиш күнүнүн 70 жылдык мааракесине карата pobeda.srs.kg интернет долбоорун ишке ашырган. Анда согуш талаасындагы апаттуу күндөрдө жакындарына, досторуна, Ата Журтуна эр-жигиттер тарабынан жазылган каттар топтолгон.

Арон Айтыкеевдин Аалы Токомбаевге жазган каты: «Советтеги кыргыз жоокерлеринен эл ичиндеги азаматтарга эсенчилик». 9.11.45-ж.

Кат өзгөртүүсүз жарыяланат:

Ардактуу Аалыке! Ар кандай бир бош убактым болсо Сиздер жакка кат жазуудан чарчабаймын. Өз жолдошторум канча бир убакытта кат жазышса, а мен күн санап катарлантып кагаз жиберүүгө эрксизден мажбур болом. Же менин аздыгымбы, же жаштыгымбы, же өз туулган жеримди сагындымбы, же башка эл арасында жашоого менин диним кошулбайбы? Өзүм чече, биле албаймын. Сиздер жакка 4-5 жолу кат жазып, кыскача эсенчилигимди руксаатсыз билгиздим. Мен болсом сак, өзүңүз көргөндөй азырынча Румменианын Литова шаарында (окулбайт) аткарып турмуш ал акбал жакшы. Твариштер арасында турамын. Азырынча силер жактан эч кандай кат жок Аалыке!

Менден: Чет мамлекетте жашаган жаш жүрөгүмдөн кыргыз жерине эсенчиликти элестетерсиз жана Зейнепке Ыраактык армиялык Приветимди айтарсыз. Жолдошко мусулманчылык саламымды, Тараска бир тууганчылык, Тамарага таякелик, атын эсимден чыгарган жигиттин бетинен өөп, кичитаякесинин эсенчилигин билгизээрсиз. Эми менден мындан башка эми сөз болсун, ойлогондун баарын катка жазса ал кат эмес китеп же бир (окулбайт) болуп кетер. Биз жактан, Советтеги кыргыз жоокерлеринен эл ичиндеги азаматтарга эсенчилик салем айтарсыз?

Эсенчилик болсо жүз көрүшүп калаарбыз. Бул жерде сиздердин чыгармаларыңардан кур эмесмин. Кыргыз китеби болбосо да казах, узбек, башкаларынын чыгармаларын окуйм. Эч качан эрикпейм. Газеттен Кыргызстандын эмне жаңылык, өсүштөрүн окуп турам. Техникумдар ачылып жатканын, Мамлекетке 9.6 %дан тапшырганын, жаңы курулуштарын ж.б. бөтөнчө Манас китебинин 1-томунун чыга турганын билдим. Мына менин кыска катым, башка сөз жок. Тагдырды чечүүчү катты сиздер жактан күтүп турган кез. Катасы болсо кечирерсиз? Жаш эмесписпи, катасын оңдоп – кечирерсиздер?

Уйкалышпаган жерин уйкалыштырып билерсиз? 3-4 жылдан бери културлу эл менен сөзгө чоркок болуп калдык.

Майрамыбызды өз заңы менен майрамдай өткөздүк. Мына ушун этип өкмөт менен партиянын берген тапшырмаларын аткарып турабыз. Кошуңуздар. Саламатчылыкта болушуңуздарды тилей кат жазган Арон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости