www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маектин экинчи бөлүгүндө Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвага көзү түз эмес мамлекеттердин болжолдуу тизмеси даяр болуп калганын айтты.

ТИМ башчысы "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев менен баарлашып жатып Донбасс боюнча маселеге да кайрылды. Мындан тышкары, Зеленский Путинге чалып ала албай жатканына, Москва Киев менен эмнени талкуулай турганына токтолуп, Чехия менен курчуган мамиле тууралуу айтып берди.

— Сергей Викторович, Россия менен мамилеси бузулган өлкөлөрдүн тизмеси тууралуу кеп кылалычы. Ким кирери так аныкталдыбы?

— Өкмөт азыр президенттин ушул тапшырмасы менен алек болуп жатат. Бирок алдын ала бир нерсе дегенден алысмын: биз Россия тууралуу кайсы бир жерде качандыр бир кезде туура эмес сүйлөп койгон өлкөлөрдүн баарын ылгабай тизмеге киргизүүнү каалабайбыз. Чечимдер негизделген болушу керек, терең анализ жүрөт. Таптакыр айла калбай калганда гана аталган тизмеге кирет, ал толукталып жүрүп отурушу да мүмкүн. Анан, албетте, бул акыркы чечим эмес, башкача айтканда, "өлүк" кагаз болбойт. Мамилелер өзгөргөн сайын тизме кайра каралып турат.

— Качан колубузга тиет?

— Жакында. Өкмөт да өз ырааты менен иш жүргүзүп жатат.

Зеленский Путинге чала албай жатыптыр, ал телефонун албайт экен. Кулеба сизге телефон чала албай коюптур. Бул эмнени билдирет, эмнеге мындай?

— Бул деген алар өз ишмердүүлүгүндө Минск келишимдери менен кайта ойноп, Россияны чатактын тарабы катары көрсөтүү аракети. Андыктан кесиптешим Дмитрий Кулеба жана президент Зеленскийден түшкөн сурамдар Донбасс темасын жөнгө салууга байланышкан. Биз аларга: "Урматтуу достор, муну биз менен эмес, силер Минск келишиминде макул болгондой, Донецк жана Луганск менен талкуулашыңар керек", - дедик. Ал жерде жөнгө салуунун маанилүү этаптары Донецк жана Луганск менен кеңешүү макулдашуунун негизи болору жазылган. Ал жакта чектешкен линияларда жагымсыз абал түзүлгөндө министр Лавров жана президент Путин менен сүйлөшөбүз дегени туура эмес, ал бизге багытталган нерсе эмес. Президент Александр Лукашенко менен жакынкы күндөрү Кремлде жолукканда түшүнүктүү кылып, эгерде алар бул туурасында сүйлөшкүсү келсе, башка дарекке кайрылышы керектигин так айтты. Эгерде биздин кесиптештер (Зеленскийди кошкондо) эки тараптуу алаканы жөнгө салууну талкуулагысы келсе, кудай жалгасын, биз мындай сүйлөшүүгө дайым даярбыз.

— Бирок азырынча жооп жок да? Мындай макулдашуу…

Зеленский өзүнүн кеңсесинин башчысы Ермакка мөөнөтү, орду, кайсы шаарда боло турганы боюнча макулдашууну тапшырганын уктум. Бул жерде орун маанилүү эмес, себеби создуктурулган ар бир күнү адамдар каза болот дегенди түшүндүрөт. Айтмакчы, адамдардын каза болгону жана чектешкен жерлерде эмне болуп жатканы туурасында айтсак, Киев акыркы эки аптада чатак отун басуу зарылдыгын айткан билдирүүлөрүн эмнегедир өтө катуу маанайда кайрадан тастыктап баштады. Анын Батыштагы колдоочулары от чын эле өчүшү үчүн Донбасска таасир этүүнү бизге айта башташты.

Президент Путин президент Макрон, канцлер Меркель менен эки апта мурда телефондон сүйлөшкөндө фактылар туурасында айткан эле. Ал мындай болчу, 2020-жылдын июлунда чатак отун өчүрүү боюнча контакт тобу менен, кыязы, эң олуттуу, эң майнаптуу макулдашуу болгон. Натыйжасы жакшы дегенибиз, себеби аны сактоо боюнча көзөмөл кылуу механизмдери да сүйлөшүлгөн. Бул механизм аткарыла турган иштин ырааттуулугун толугу менен сапка тизген, ири алдыда ар бир тараптын кол салынган учурда кайра токтоосуз жооп кылбоо, эреже бузуу болгонун жогорку командачылыкка маалымдоо эле. Жогорку жактан кандай аракет кылуу туурасында буйрук түшкөндөн кийин гана: жооп берүү керекпи же механизмде айтылгандай командирлер сүйлөшүүсү  керекпи деген маселе чечилген. Макулдашуу күтүлгөндөй эле Донецк Элдик Республикасы менен Луганск Элдик Республикасында чыккан буйрукта камтылган. Ага аскердик буйруктар жарыяланган. Муну Киев да жасоого милдеттенме алып, бирок кылган эмес. Аны аткаруунун ордуна сөз менен ойноп, ар бир аткылоону жогорку жакка билдирип, буйрук алуунун ордуна кандайдыр бир түшүнүксүз шылтоо менен так белгиленген бул схеманы алмаштыра башташкан. Муну кийинки бардык жолугушууларда Донецк, Луганскиге тагып, ал эми биздин байланыш топтогу өкүлдөр муну бир эмес, бир нече жолу айтып, дешкен.

Норманд фортамында Дмитрий Козак жогорку айлардын ичинде өзүнүн француз, немец кесиптештери менен иш алып барган, ага Украина тараптан Андрей Ермак да катышкан.

Бул сүйлөшүүлөрдүн тексттерин окудум. Айтып, түшүндүрүп жеткирүү кыйын болгон... Бээ десе, төө дегендей эле кеп. Анын бир маалда эле, тагыраагы, эки жума мурда Украина жетекчилиги чатак отун токтотуу темасын кайрадан жандандырууну чечкен. Уят, татыксыз нерсе.

Билесизби, "Слуга народа" деп аталган сериалын канааттануу менен көрдүм. Бирок Зеленский каарманынын жолу менен кеткен жок. Владимир Александрович ал сериалды кайрадан көрсө өзү экрандан абдан жакшы ойногон ал кишини түшүнүүгө аракет жасап, андан кийин азыр кылып жаткан иштери менен салыштырмак эле. Ал качан өзү менен өзү болуп, качан ал башканын образына өтүп кеткендигин билбейм, бирок контраст таң калыштуу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости