www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчиден;

Булар жана буларды эрчиген динчилдер, “биз Президентти колдойбуз, Өлкө Бийлиги туура иштерди кылып жатат!” деп жалпы элге өзүлөрүн реклама кылып, Өлкө Президентин, Өкмөт Башчысын, Улуттук, мамлекетик Коопсуздук комитетинин башчысын мактаган сөздөрдү айтышат!

Ошентип элге таасир көрсөтө турган сөздөрдү айтышат да кайра бири, “аялдардын эти арзандагандыктан, койдун эти кымбаттады” десе, экинчиси, “аялдардын окорочкасы” деп таркылдап кыйкырып, үчүнчүсү, “бир туугандар үйлөнө берсе болот” деп өзүлөрү таянгысы келген Президентти, Өкмөт Башчысын, Коопсуздук кызматынын Башчысын элге жек көрсөтө турган, элге жакпай турган сөздөрдү айтышып, өлкөнүн ичинде ырыс-ынтымакты кетирген үгүт-насааттарын жүргүзүшүп, диний диверсиялык иштерди жасашууда.

Бул Өлкө Бийлигин элге жек көрсөткөн, ырыс-ынтымакты кетирген руханий саботаждык эмеспи?..

Экинчиден;

Булардын сөз менен коштолгон мындай иш-аракеттери ислам динине болгон жалпы элдин үмүтүн өчүрүп, ишеничин кетирбейби?! Унута баштаган элдин эсине, туюм-сезимдерине Сириянын, Ирактын, Ливиянын, Ооганстандын элинин тагдыры кандай болгонун салбайбы?!

Үчүнчүдөн;

Булардын сөз менен коштолгон мындай иш-аракеттери жалпы аялзатын гана эмес, өзүлөрүнүн апаларын, кыздарын, карындаштарын, келиндерин, аяштарын кемсинтүү, кордоо, малга теңөө болуп калбайбы?..

Төртүнчүдөн;

Булардын жана буларды эрчигендердин сөз менен коштолгон мындай иш аракеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 9 (1,2,3), 21 (1),23 (1),24 (1,2,3), 29 (1), 53 (1.,3) - беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 189 (1), 330 (1) - беренелерине каршы келбейби?!

Акыркысы;

Булардын жана буларды эрчигендердин сөз менен коштолгон мындай иш аракеттерин талдап, анык-даанасын териштире турган укук коргоо органдары барбы?!

Абдымамбет Сариев, жазуучу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости