www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

520 миң доллар пара менен кармалган транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиевдин иши боюнча өкмөт эмнеге үн катпай жатат? Мындай пикирин депутат Абдывахаб Нурбаев  Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

"520 миң пара менен кармалган министрдин орун басарын элдин баары кеп кылууда. Ушуга чейин өкмөт позициясын билдирбей, оозун ачып отурат. Эмнеге министр Жамшитбек Калиловду отставкага кетирбейт? Муну кандай түшүнсөк болот?" — деп суроо салды депутат.

Белгилей кетсек, Нурбаев кечээ тармактык комитеттин жыйынында дагы бул маселени көтөрүп 520 миң долларды бир адам алуудан коркорун айтып "буга министр баштаган бир топ адам аралашып, акчаны бөлүшкөнсүңөр" деген сын койгон.

Эскерте кетсек, транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев жол куруу боюнча өткөрүлгөн тендерде чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо үчүн 520 миң доллар пара алууга макулдашкан. Акчанын 50 миң долларын алып жатканда аны УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы колго түшүргөн. Аткаминер андан мурдараак 120 миң долларын алган, калганы кийинки жумада колуна тиймек.

Аталган суроо боюнча премьер-министр М. Абылгазиев: "Азырынча тергөө ишинин жыйынтыгын күтүп туралы"-деген гана жооп билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости