www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абхазиянын учурдагы президентти Рауль Хаджима 26,6% добуш менен азырынча лидерликти карманууда. Бул тууралуу “РИА Новости” жергиликтүү БШКнын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Анда айтылгандай, азырынча бул көрсөткүчтөр 154 шайлоо участогунун 150сүнөн гана алынгандары. Учурда, 4 участоктун добуштары саналууда. Ал эми ушул убактарда Коргоо министринин кеңешчиси Олег Аршба 24,9% добуш топтоп, 2-орунда болсо, оппозициячы Алхас Квициния 24,6% добуш менен ага куйрук улаш баратат.
Мурдараак белгилүү болгондой шайлоонун жыйынтыгын билүү үчүн, БШКнын алдына ондогон адамдар чогулган. Мекемени тартип сакчылары курчоого алышкан. Ошондой эле жакын жердеги паркта дагы андан бир нече эсе көбүрөөк адам чогулганы белгилүү. Алардын көпчүлүгү Квициниянын тарапташтары болгондугу айтылат. Чогулгандар Квициниянын экинчи турга өткөндүгү тууралуу штабдан кабар келгенден кийин гана тарашкан.
Эске сала кетсек, Абхазияда жекшемби күнү президенттик шайлоо болуп өттү. БШК шайлоочулардын 50% гана катышкандыгын моюнга алды. Участокторду жабуу учурунда, добуш бергендердин саны ашып барса 56%ды түзгөн. Расмий жыйынтык бүгүн саат 12:00дө чыгарылары күтүлүүдө.
Булак: "NazarNews.kg"