www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Граф» атка конгон казак олигархы уу химикаттык заттар бар болгондуктан жагууга жараксыз көмүрлөрүн биздин мамлекетке саткан. Бул көмүрлөр жагылган сайын уу заттар чыгып турган. ТЭЦте жагылган көмүрлөр мектеп окуучуларына, ооруканаларда кимге канча зыян алып келгени белгисиз, бирок мамлекеттик бюджетке чоң зыян алып келди. Бул окуя элге билинген соң элдин бары каршылык пикирлерин билдирип көмүрдүн алынып келишине каршы болгон.

Ушул акция боюнча жогорку жактын көрсөтмөсү менен көмүрду ташып келип жаткан бир жетекчи өз жанын өзү кыйган. Анын бала-бакыралары жетим калган. 2016-жылы 1-декабрда мурунку башкы прокурор Аида Салянова социалдык түйүндөгү баракчасына «Прогресс компани» ЖЧКнын Бишкек ТЭЦтин мыйзамсыз көмүр жеткирүүсүнө Атамбаевдин тиешеси бар экенин жазган. Катта кылмышка эл арасында «Граф» атка конгон казак олигархынын тиешеси бар экени көрсөтүлгөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, "NazarNews.kg"

Последние новости