www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 17-ноябрда өлкөнүн киноматографисттердин кесиптик майрамы — Кыргыз киносунун күнү менен куттуктады. Өкмөт башчысынын куттуктоосун басма сөз кызматы таратты.

Куттуктоодо: «Урматтуу кинематография кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар —Кыргыз киносунун күнү менен куттуктайм. Маданият ишмерлеринин зор аракети менен сакталып келе жаткан тарыхый-маданий мурастар, мыкты чыгармалар аркылуу биздин элибиздин нарктуу образы, колориттүү өзгөчөлүгү даңазаланып турат. Бүгүнкү күндө кинематография жана жалпы киноиндустрия Кыргызстанда динамикалык өнүгүү жолунда болуп жаткандыгы кубандырат. Кыргыз режиссёрлору тарткан фильмдер аркылуу ата-мекендик кинонун аты алыскы жана жакынкы мейкиндикте жогорку деңгээлге чыгып, ар бир көрүүчүнүн жүрөгүнөн орун таап, күтүп көргөн кинолорго айланууда. Быйыл жаш кыргыз кинорежиссерлору жараткан Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры», Мирлан Абдыкалыковдун «Жөө күлүк», Эмил Атагельдиевдин «Көл», Бекзат Пирматовдун «Аврора» тасмалары дүйнөлүк аренада Кыргыз Республикасынын имиджин алдыга көтөрүп, жемиштүү орундарга ээ болууда.

Улуттук тасмаларды жүгүртүүнүн көлөмү жылдан-жылга өсүп, республиканын калкынын кинотеатрларга баруусунун саны көбөйүүдө. Кино өнөрү улуттук маданияттын эң маанилүү багыты катары мындан ары да өнүгө беришине ишенебиз жана кыргыз киночуларынан мыкты чыгармалардын жаралышын күтөбүз. Урматтуу кинематография кызматкерлери! Баарыңыздарга бекем ден соолук, бакты-таалай жана чыгармачылык жаратмандыкты каалайм!», - деп айтылат.

Булак:NazarNazar.kg

Последние новости