www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын мурунку өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, биргелешкен үзүрлүү эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Абылгазиев сүйлөшүү учурунда Медведевдин Кыргызстан-Россия мамилесин өнүктүрүүгө жана ар кыл тармактардагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кошкон жеке салымын баса белгиледи.

"Өкмөт башчы Евразия интеграциясы идеясын илгерилетүү боюнча бирге жүргүзүлгөн конструктивдүү иштерге өзгөчө көңүл бурду. Ал Кыргызстанда Дмитрий Медведевдин стратегиялык өнөктөштүктү жана өлкөлөр аралык шериктештикти бекемдөөдөгү жеке салымы жогору баалана турганын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев достук диалогду жана конструктивдүү иштерди улантууга даярдыкты ырастап, Медведевдин чечкиндүүлүгү, кыраакылыгы жана топтогон тажрыйбасы мындан ары да Россияны өнүктүрүү жана чыңдоого, ошондой эле Кыргыз-Россия кызматташтыгын тереңдетүүгө кызмат өтөрүнө ишеним артты.

Мындан тышкары, сүйлөшүү учурунда Кыргыз-Россия алакасынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, президент Владимир Путиндин жүргүзө турган конституциялык реформасынан улам Медведев өкмөт толугу менен отставкага кетерин жар салган. Андан соң Путин экс-премьерди Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары кызматына дайындаган. Ал эми Медведевдин ордуна Михаил Мишустин келди.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости