www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт башчынын инисинин күйөө баласы. "Кыргызпочтасынын" биринчи орун басары. "КТ Мобайлды" түптөгөнгө чоң салым кошкон. Эрназар Иманкадыр уулу Премьер-министрдин бажасынын баласы, "КТ мобайл" уюмунда жетекчинин орун басары болуп 5000 доллар айлык алып иштей баштаган.

 

«Чык татытпас» баатырым,

Урматбек, сени чакырдым.

Жеткирип өзүң коёрсуң

Жетпесе менин акылым.

 

Тааныш көп жигит оңот го,

Байлыктууну конокто.

Жакырлар жаман эл болот,

Жаныңа жакын жолотпо.

 

Эл-журтка эч бир караба,

Эмгегин эч бир санаба.

"КТ Мобайлды” толтур тууганга

Калбайсың эч бир жалаага.

 

 Акеңди уккун сөзү бал,

Ач арбак сымал көзүң бар.

Акча -мүлктү бүт жыйнап,

АКШны көздөй көчүп ал.

 

№4  Таалайгул Сабырбекова

Өкмөт башчынын бажасынын аялы, "Эргэнэ" коомдук фонддун жетекчиси, жылына онкология оорусун алдын алуу боюнча өкмөттөн бир жарым миллион сом алып турат.

Билесиң сырын акчанын,

Онколог элден качпадың.

Оонатып супермаркетти,

Миллиондоп анда чачканың...

 

Билесиң менде ал кана,

"Эргэнэ" коомду  талкала.

Башыма менин иш түшсө

Башмалдак атып  калкала.

 

Дарыны болсо сата бер,

Даамдарын өзүң тата бер.

Кереги тиет качканда,

Миллиондор болсо ката бер.

 

Иш кылбай жакшы кудайга

Элиңди салгын убайга.

Көтөрүлсө эл-журтуң,

Көчүп кеткин Дубайга.

 

Той бергин, ак төө союлсун,

Бийликтин бары тоюнсун.

«Безразмер» өпкөң бар эле

Премьер жездең, чоюлсун!

 

№3  Медет Ирсалиев

Премьер-министрдин бир тууган жээни, Социалдык фонддун жетекчиси.

Шек бербей чыгып чийинден,

«Шералы чокой» илинген.

Сандыкка салып бекемдеп,

Сактагам аны кийин мен.

 

Табылар шылтоо себепке,

Жарайт деп жүргөм керекке.

Кабинет жакка илип кой,

Берейин сага белекке.

 

Министр болуп көктөгүн,

Абайла бирок көппөгүн.

Чокойду дайым карай жүр,

Чогулган анда өткөнүң.

 

Медер жээним эстесең,

Таекеңе катта «беш» десең.

Камгактай болуп учасың,

Каалаган күнү «кет!»-десем.

 

№2 Азиз Абылгазиев

Премьер-министрдин иниси, Саламаттык сактоо министрлигинде баңги затты тейлөө тармагында “серый кардинал”. Токтогулдун «Беш каманы» бүгүн ким деген суроо туулууда. Жооп үчүн Абылгазиевдин көлөкө “Беш каманын” окуп көрүңүздөр:

Үй жакта жалгыз канатым,

Түз эле кызмат тандаттым.

“Минздравга” коюп өзүңдү

Миллиондорду жалаттым.

 

Банк жакты эле тиктедиң,

Баксты сүйүп издедиң.

Баңги зат менен алышып,

Кошулуп бирге биттедиң.

 

Миллиондор менен ойнодуң,

Министр менен тойбодуң.

Акеме түптүз кирем деп

Ар кимдер берсе жойлодуң.

 

Жеңеңе бардың сиз дейм деп,

Тызылдап чуркап иштейм деп.

Жедиң го далай төө мантек,

Чогултуп “евро” биз дейм деп.

 

“Минздрав” жакта жулунгун,

Баңги зат бүтүн сугунгуң.

Калкыңа мында ач турган,

Калбасын тиштем жугундуң.

 

№1 Иманкадыр Рысалиев

Премьер-министрдин бажасы, "Ачык өкмөт" долбоорунун жетекчиси, айлыгы  5 000 евро.

Ресторан жакта ооз толуп,

АШАга жакын дос болуп.

Оозуңду ачып отурдуң,

Камалса алар козголуп.

 

Арзымат адам эң керек,

Мага да жечү жем керек.

АШАны жакын жолотпо,

Мамиле бүттү, келбе деп.

 

Көшүлүп үйдө жатпагын

Көп ырдап мени мактагын.

Жумурду тешип чыккыча,

Жута бер бажам, таап барын.

 

Кошомат кылып кой сойгун

Көк үйдө жүрүш ой, сонун.

Көпкүлөң тартып жүрө бер,

Көтөрөр эл-журт той-союн.

 

Ойлонуп жуткун, турбагын

Оппозиция жакты урбагын.

Мансапсыз сенде жашоо жок

Чуркагын  бажам, чуркагын.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости