www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор районунда 36 жаштагы жергиликтүү тургун болжол менен ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу аталаган райондун ИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Жаңы-Жол айылына “Тез жардам” кызматы чакырылган. Дарыгерлер айтылган дарекке келгенде аял өлгөнүн кабыл алууга мажбур болушкан. Мыйзам боюнча дарыгерлер милиция кызматкерлерин чакырган.

“Биз аталган дарекке келгенде 36 жаштагы аялдын бети кан болуп жаткан жансыз денесин таптык”,-деп ведомстводон билдиришти.  

Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун күйөсү А.У. жубайы экөөнүн ортосунда чыр-чатак болгонун моюнуна алды. Ошондой эле күйөөсү аялынын бетине эки жолу урганын жана башына тепкенин айтып берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости