www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кырыз-өзбек чек арасында чыр чыгып, өзбек тараптан ок атылган. Бул тууралуу  Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Ильяс Рысдавлетов ырастады.

Маалыматка караганда, 6-январда Ала-Бука районунун Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен Ак-Сай айылына караштуу Ак-Курча участкасында жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда чыр чыгып, ок атылган. Буга чейин, жергиликтүү тургундардын бири Сабыр Сейдакмат уулу  өзбек чек арачылары аткан октон жеңил жарат алганын,  жергиликтүү маалымат агентиктерине кабарлаган.   

Жаракат алган,  Сабыр Сейдакмат уулу буларды айтып берген. “8 өзбек чек арачысы Ак-Курча участкасында жүргөн 500дөн ашык 3 короо койду айдап баратканда айылдыктар чогулуп барганбыз. Ал учурда ортодо пикир келишпестик чыгып, өзбек чек арачылары тарабынан ок атылганда колума тийип, жеңил жарат алдым. Учурда чек арачылар эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат”-деп билдирген. 

Болжолдуу маалыматтарга караганда чырдын чыгышына такталбаган чек ара аймагына аксайлыктардын өзбек тарапка малынын кирип кетиши себеп болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы маалыматтын чын-төгүнү такталып жаткандыгын билдирди.

Өзбек тарап маалымат тарата элек. Ала-Бука району менен Наманган облусу чектешкен аймакта 19 миң гектардан ашык аянт талаштуу деп саналып келатат. Былтыр 8-декабрда ал жерге өзбек чек арачылары мыйзамсыз киргени тууралуу видео Интернетте тараган. Өткөн айда эки тараптын чек арачылары жеринде сүйлөшүп, тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Учурда чек арада абал турукташты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости