www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиевдин туулган күнү да жетип келди, эмки туулган күнүндө ал өкмөт башында болобу же жел аргы учуруп кетеби ким билет. Азыркы бийликтин алмашканына эки жылдан ашык убакыт болду. Премьер-министр болгон Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекетте болгон кыйынчылыктын барын мурунку бийликке жүктөп, өзү сүттөн ак болуп жүрөт. Мухаммедкалый Абылгазиевди мурдунан жетелеп, бийликтин даамын ооз тийгизип, чоң бийликке жетелеп келгендерге күнөөнүн барын жүктөй бериш бул туура эмес. Абылгазиевди артка тартып жаткан бир гана экономикада эмес, кадр саясатында мүчүлүштүктөр бар.  Ал эми элди кыйнап жол айдоочулар өздөрү эжле бааларды көтөрүп жатышат. Бишкек шаарындагы №185 маршруттук каттамдын айдоочусу саат 21:00дөн кийин өз билемдик менен жол кире акысын көтөрүп алган. Бул тууралуу видеону жүргүнчү жергиликтүү басылмалардын бирине жөнөткөн.

Материалдар Бишкек шаарынын транспорт башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Белгилей кетсек, кечки саат 21:00дөн кийин жол акы 20 сомду түзөт. Буга чейин дагы шаардын коомдук транспортунун айрым айдоочулары өз билемдик менен жол кире акысын көтөрүп алган фактылар аныкталган. Айтсак, өткөн жумада №117 маршруттук каттамдын айдоочусу өз билемдик менен жол кирени 20 сомго көтөрүп койгон. Жүргүнчүлөрдүн бардыгы шопур талап кылган жол кирени төлөгөн. Бирок, бир жүргүнчүнүн ачкасы 20 сомго жетпегендигине байланыштуу аны айдоочу транспорттон чыгарып койгон.

Абылгазиев заманында ун ооздук бербей кымбаттады

Кыргызстанда орточо айлык акы 10  миң сомдун деңгээлинде, ал эмес 10 миң сом алган адамдарга жакшы айлык алып жатат деп, суктана карашкандар толтура. Ал эми пенсия алгандар айыл жеринде үй-бүлөөнү багуучу адамдын катарына кирет. Айлыгы жок айылдык күч-кубатка толуп турган жаштар ата-энесинин пенсия тийе турган күнүн акеыйып, үмүт менен карап турат. Ушул эле мезгилде өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакын туугандарын иликтеп көрөлү, булар кеминде 300 миң сом албаган жерде иштебейт, андай айлыгы аз жерге мурдун чүйрүп коюшат. Эгер Кыргызстандыктардын бюджеттен акча алгандардын барына 300 миң сомдон айлык бере турган болсо, анда айлык алгандар Мухаммедкалый Абылгазиевди мактап-жактап эле жатып калмак. Аттиң, андай болбой жатпайбы, 300 миң сом ай     лыкты Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакындарына буюрган, ал эми эл нанын таап жейби, наны жок калабы өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевге бары бир эмеспи. Ошондуктан, эптеп президент тарабынан мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөнү менен Мухаммедкалый Абылгазиев менен Эркинбек Чодуев деген айыл чарба министри бети кызарбай туруп ундун баасын асмандатып жиберген. Анткени, мугалимдердин айлыгы көтөрүлдү да, анткени, Мухаммедкалый Абылгазиевдин жакындары 300 миң сомдон айлык алышып, ундун кымбатташын тоготпойт да. Айыл чарба министри Чодуев чодуңдап ар кимден миллиондогон доллар алып бербей койгон жайы бар экен. Буга ундун кымбатташына эмне шам, миллиондор менен мылтыңдап жүргөн эргулга ун кымбаттап, элдин капчыгына залал тийип жатканына баш ооруп да койбойт? Ундун кымбатташы карапайым элге аткан октой тийип жатат, Мухаммедкалый Абылгазиев ырлары улам-улам созулуп чыкса, нан аз, элдин ыры азайып баратат. Ортодо ундун кымбатташына сүйүнүп, унубузду кымбат сатып акчага маарыйт экенбиз деген унпуруш олигархтар чыкты, аттиң элди ойлогондор азырынча жок. Бирок, 2020-жылы парламенттик шайлоо алдында элди биртке ойлонумуш болуп коюшат. Эгер, ушул жаңы парламент өкмөт башына кайрадан Мухаммедкалый Абылгазиевди өкмөт башына койо турган болсо, анда ал жаңы парламенттен эл түңүлөт. Мухаммедкалый Абылгазиев кайра премьер болсо элдин шору, анда ырдамак түгүл, ыйлап калышыбыз мүмкүн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости