www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Памирден Алайга көчүрүлүп келген кыргыздардан кабар алды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине облустук аялдар кеңешинин төрайымы Нуркыз Кадырбекова билдирди.

Анын айтымында, памирлик кыргыздар мекетептин эски имаратында жашап, жаңы имаратында окуп жатышат.

“Көчүрүлүп келип, убактылуу эле үй-жайын тургузуп, каржы алып келип берсе жашай албай калат экен. Ошого билим сапатын жоюп жатышат. Үч класс окутулуп, аялдар бир класста, 17 жаштан 45 жашка чейинкилдер бир класста, 7 жаштан 12 жашка чейинкилер бир окуйт”,-дейт Нуркыз Кадырбекова.

Маалымат боюнча, 17 жаштан 45 жашка чейинки классында 20 адам. Ал эми аялдар менен жаш балдар биригип 16 адам.

“Булар жашай албай деградация болбосун деп өнөргө үйрөтүп жатабыз.  Бул жердин турмушу бөлөк, нан жапкан бөлөк, жаңы техникага үйрөтүп жатышат”,- деп облустук аялдар кеңешинин төрайымы айтып берди.

Жалпы 50 адам келген. Алар 10 үй-бүлө жана он биринчиси бир үй-бүлөнүн уулу менен келини. 

Мындан сырткары, жалпы аялдар өнөр үйрөнсүн, мамелкеткеттин саясаты жөнүндө маалыматы болсун деп 10 үй-бүлөгө тең телевизор алынып, интернети менен орнотулуп берилгенин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости