www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР МУКК төрагасы И.А. Кадыркуловго

КР МУКК ККК директору С.С. Исмаиловго

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак

айыл аймагы, Кызыл-Байрак айылынын тургуну

Токторалиева Орозкандан (тел. 0778 493908)

АЧЫК КАТ

Урматтуу Идрис Анарбекович!

Урматтуу Сагынбек Сардарбекович!

Сизге кайрылуубуздун себеби төмөндөгүчө, Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаров КР мыйзамдарын одоно бузуп, муниципалдык менчикти өзүм билемдик менен коррупциялык схемалар менен берип жатат. Анын бул кылмыштуу аракетинин натыйжасында жергиликтуу бюджетке өтө ири суммадагы зыян келтирилип жатат.

1) Ош шаарына чектеш Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы муниципалдык жер тилкелер арзан баада бааланып (баалоочу менен алдын ала бүтүм боюнча келишип арзан баада бааланган), жергиликтуу бюджетке арзыбаган акча тушуруп. Ал жер тилкелер кошелёктору аркылуу жеке менчикке өткөндөн кийин, ал жер тилкелер 100 барабар кымбат, базар баасында кошелёктору аркылуу сатылып, ортодогу айырмасын сол чөнтөгүнө салып жатат. Ошондой мамлекетке өтө ири зыян келтирип, кылмыштуу жолдор менен мыйзамсыз байыган.

2) Ошондой эле, Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан (Ош шаарынын чек арасынан 100 метрде жайгашкан) Толойкон ооруканасын 380 кв. метр имараты арзан баада бааланып (баалоочу менен алдын ала бүтүм боюнча келишип арзан баада 1 кв. метри 2 сомдон бааланган), жергиликтуу бюджетке 2018 жылга чейин арзыбаган болгону айына 1000 сомдон акча түшүргөн. Кызыл-Кыштак айылынын жашоочусуу М. Мансуровдун арызынан кийин, 380 кв. метр имарат айына ижарага болгону 9 мин сомго берилген. Ошондой имаратты Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы 1 кв. метрин 200 сом жана андан да жогору старттык баага берет. Андай арзан баа Алай жана Нарын тоосунда да жок, бирок Ош шаарына чектеш болгон Толойкон ооруканасын 380 кв. метри 2018 жылга чейин айына болгону 1000 сомдон ижарага берилген, М. Мансуровдун арызынан кийин 2018 жылдан 9 мин сомдон. Ошол эле убакытта Ош шаарында 20 кв. метр эн арзан бир комнаталуу квартира ижара акы айына 10-15 мин сомдон берилет.

3) Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш.Капаров Толойкон ооруканасы боюнча Кара-Суу райондук сотунун судьясы Ашировдун өндүрүшүндөгү айыл өкмөтүнүн өкүлү М.Мансуровдун доо арызы боюнча сотко барбай жатат же болбосо өкүлүн жөнөтпөй жатат. Натыйжада Ш. Капаровдун шаалаакылыгы, функционалдык милдеттерин аткарбаганы үчүн социалдык объекттин 0,05 га жер тилкеси жана мурдагы лаборатория жана сут ашканасынын имараты мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кетиши мүмкүн.

4) Андан сырткары, 2015 жыл июнь айында «Исмаил - Ата» фонду Бостон участкасында жана Анжиян айылында спорт аянтчалары куруп берет. 2015-2018 жылга чейин ал спорт аянтчаларында саатына 500 сомдон футбол ойнотуп акчасы жергиликтуу бюджетке түшпөйт, сол чөнтөгүнө түшөт. Айыл жашоочуларынын кайрылууларынан кийин Бостон участкасындагы спорт аянтча март 2018 жылы айына 50 200 сомдон ижарага берилет. Бирок Бостон спорт аянтчасынан сол чонтогуно акча түшпөгөндөн кийин, ал стадионду жасалма жол менен карызга батырып, электр энергия, салыктан карыз кылышат. 22 февраль 2019 жылы аукцион өткөрүп, катышкан адамдарды коркутутуп, эгерде силер ал стадионду алсаныздар карызы көп, төлөй албайсынар деп, арзан баада өзүнүн адамдарына ижарага берди. КР Мыйзамдарына ылайык, мунициалдык менчик карызы жоюлушу, аукционга карызсыз коюлушу керек эле.

Бостон участкасындагы стадиондо Бостон участкасынын балдары, мектеп окуучулары акча төлөбөй, бекерге ойношу керек, бирок мектеп балдары ал стадиондо акча төлөп ойнойт.

5) Анжиян айылындагы стадион 2015 жылы курулган болуп, ошол күнгө чейин жергиликтуу бюджетке акчасы түшкөнү жок, сол чөнтөгүнө түшүп жатат.

6) Андан сырткары, Ишкаван айылында жайгашкан Ош совхоз-техникумунун 4 кабаттуу бутпогон окуу корпусун өзүнүн тууганы Маматалиев Аскар Меликозуевичке мыйзамсыз берип. А. Маматалиев ал окуу корпусунда ар жуманын дуйшомбу күндөрү Короздорду уруштуруп мыйзамсыз азарттык оюндарды уюштурган, жуздөгөн адамдарга кирүү үчүн 50 сомдон алып, короз оюнда жутуп алган адамдан сүйүнчү акчасын алып мыйзамсыз байышып жатат. Ал оюндардан бюджетке бир сом акча түшпөйт. Мындай мыйзамсыз иштер учун Кызыл-Кыштак айыл аймагы башчысы Шарабидин Капаровду жана Аскар Маматалиевди алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган Кумар оюндарын өткөрүү үчүн көмүскө жайды уюштуруу же күтүү, кумар оюндарын өткөрүү үчүн Кылмыш жаза Кодексинин 212 беренесинин 1, 2 болуктору менен кылмыш жоопкерчилигине сөзсүз тарттуу керек.

7) Мындай мыйзамсыз иштер Ш. Капаров тарабынан «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө»гу КР Мыйзамынын 9 беренесин одоно бузуп жаткандыктан болуп жатат. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү. Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестринин мазмуну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадимки иш учурунда аларды жарандар иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.

8) Ош облусу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Шарабидин Капаров бюджет акчаларын мыйзамсыз бөлүштүрүп жатат. Сметалардагы баа өтө жогору, бул болсо коррупциялык схемалалрга жол ачат. Ошондой коррупциялык жолдор менен Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн имаратын ремонттоо үчүн 12-13 миллион сом акча бөлдүргөн. Ошол акчага жаны 3 кабаттуу жаны имарат курса болмок.

9) Ошондой эле, Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылында жайгашкан №65 Сабиров атындагы мектептин отоплениясын капиталдык оңдоо үчүн 2018 жылы 3 842 175 сом (портал ЭГЗ № 180712111533664), кошумча иштер үчүн дагы кошумча 614 745 сом (портал ЭГЗ № 181129138026395). 2019 жылы ошол эле мектептин отоплениесин оңдоо үчүн дагы кошумча 1 485 600 сом (портал ЭГЗ № 190325154352982) акча бөлдүргөн. «Мамлекеттик сатып алуулар» КР Мыйзамын одоно бузуп, түздөн-түз сатып алуу өткөрүп, «Тургун-курулуш» менен келишим түзгөн. Баардыгы болуп 5 942 520 сом акча каражатты бюджеттен бөлдүрттү. 6 миллион сом акчага чакан мектеп, же болбосо балдар бакчасы курса болот. Себеби Керме-Тоо айылындагы мектеп авариялык абалда, Сураташ айылындагы мектеп кичине, окуучулар башка айылдарга жана шаарга барып келип окуп жүрүшөт, Кызыл-Байрак, Анжиян, Сураташ айылдарында бала бакча жок. Бул эмне деген шумдук. Айылдардагы керектүү проблемаларды чечүү ордуна, бир эле мектепке кайра-кайра, жыл сайын 6 миллион сом бөлдүргөн коррупционер Ш. Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылабы? Же жазасыз калган коррупционер бюджет акчаларын ошондой коррупциялык жолдор менен өзүнө ыйгаруу жолун ойлоп тапты бекен? Же болбосо Ш. Капаровдун аракетинде кылмыш курамы жок деп укук коргоо органдары коррупция менен күрөшпөйт бекен? Айылдардагы элге керектуу болгон проблемаларга акча качан бөлүнөт, же ал акчаларды өзүнө ыйгара албаганы үчүн, акча бөлүнбөйбү? №65 Сабиров атындагы мектептин отоплениесин ондоо үчүн бөлүнгөн 6 миллион сом акчанын сметасын жана аткарылган иштер 6 миллион сомго аткарылдыбы же болбосо ал акчалар сметаны баасын жогорулату жолу менен Ш. Капаровдун сол чөнтөгүнө түштү бекен? Себеби №65 Сабиров атындагы мектептин темир тосмосу үчүн 2013-2015 жылдары алынган темир материалдар базар баасынан эки барабар кымбат баада сатып алынган. Натыйжада мамлекеттке ири зыян келтирилген.

10) Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган Ш. Капаров 2016 жылы Жаңы-Турмуш айылынын ФАП курулушуна эки миллион сом акча бөлүп, бирок, акча каражаттын сарамжалсыз пайдаланган. Себеби 4 комнаталуу курулуш үчүн коррупция жолдор менен 2 миллион сом акча сарпталган же болбосо 1 кв. метр курулуш 300 доллардан жогору түшкөн. 2 млн. сарпталса да курулуш иштери бүткөн эмес жана сапатсыз. Шыбактары төгүлүп жатат. Дагы 2 миллион сом кошумча акча бөлүп жатат.

11) Ш. Капаров мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарын да одоно бузуп жатат. Тендер "Приобретения угля для школ и детских садов с/у Кызыл-Кыштак" (портал ЭГЗ № 180706111976281) 1 орундагы жеке ишкер Капарова Кулпунай Махаматсалыевна көмүр жана өтүндарды 1 789 524 сомго сатам деп катышкан. 2 орундагы жеке ишкер Осмонов Асадулла Маматакимович 2 339 044 сом, 3 орундагы жеке ишкер Аттокуров Кубатбек Абдикалилович 2 633 135 сом. Көмүр жана өтүн сатып алуу үчүн тендерде мыйзамсыз 1 орун алган Капарова Кулпунайга эмес, 2 орун Осмонов Асадуллага эмес, акыркы 3 орундагы катышуучу Аттокуров Кубатбекке берген. Натыйжада Ш. Капаров тарабынан мамлекетке ири өлчөмдө 843 611 сомдук материалдык зыян келтирилген. Себеби Мамлекеттик сатып алуулар мыйзамдарына ылайык электрондук сатып алуулар өткөрүүнүн максаты жергиликтүү бюджет акчаларын үнөмдөө болуп эсептелет, уурдоо эмес. Ошондой эле, айыл аймагындагы мектеп жана бала бакчалардын от жагуучу бөлмөлөрүндө бюджетте каралган кымбат баадагы ири көмүр көрсөтүлгөн көлөмдө келбейт, арзан баадагы чакан көмүр (угольная пыль) келет. Айырмасын сол чөнтөгүнө салат. Бирок кагазда баардыгы туура болот, келбеген ири көмүр келген жана жагылган болот.

12) Ошондой эле (портал ЭГЗ №181123136151861) Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансында турбаган трансформаторлорду оңдоо үчүн 250 миң сом акча бөлүштүргөн. КР Финансы министрлиги жана Эсептөө палатанын көрсөтмөсүнө ылайык балансында турбаган объекттерге акча бөлүштүрүүгө тыюу салынган. Себеби бир да трансформатор Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн балансында турбайт. Трансформаторлор “Ошэлектро” ААК жана ОшРЭС балансында турат, айыл өкмөттүн балансында турбаган трансфорлорго бюджеттик акчаларды бөлүштүрүү бул мыйзамды одоно бузуу болуп эсептелет.

13) Мындан сырткары, Ш. Капаров отурган креслосу болсо да (портал ЭГЗ №81123135973730) кресло сатып алуу үчүн 15 миң сом бюджеттен акча бөлүштүргөн. Элдин талапы менен Жогорку Кеңеш депутаттары өздөрүнө кресло сатып алуу үчүн өздөрүн акчасын берген, бюджет акчасын үнөмдөгөн. Бирок Ш. Капаров карапайым элге келгенде акчаны үнөмдөйт, өзүнө жана тааныштарына келгенде бюджет акчаларын сарамжалсыз пайдаланат. Мирзакаримова Гулнаранын 5 баласы бар кызынын, Токторалиева Орозкандын жалгыз бой эне кызынын пособиелерин токтотуп, бирок өзүнүн бай тааныштарына бюджет каражаттарынан жардам акчасын бөлүп жатат.

14) Ишкаван айылында жайгашкан “Байбол” базарыдан түшкөн салыктар (патент, Соцфонд) Ош шаарынын салык башкармасына түшүп жатат. Эмне үчүн Ш. Капаров Ишкаван айылында жайгашкан базардан Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине салыктарын тушурбой жатат, же болбосо өзүнүн функционалдык милдеттерин аткарбай жатат.

15) Ошондой эле, Кызыл-Кыштак айыл аймагында көптөгөн рекламалык шиттерден түшкөн салыктарын, тушумдарын айтпай жатат. Суроо туулат: ал салыктар да Ош шаарына түшүп жатабы же биздин бюджетке түшүп жатабы?

16) Ш. Капаров тарабынан ар кандай майрамдар үчүн акча каражат сарптоо жогору даражада, майрамдарга өзүнүн тааныштарын чакырат. Бюджеттик акчаларды үнөмдөөсө, ал акча каражаттар айылдарды өнүктүрүүгө багытталган болушу мүмкүн. Андай мисалдар көп.

17) «Менин үстүмдөн арызданышса 1,5 миллиондон сотко берем, менин артымда Матраимовдор кланы турат» - деп Кызыл-Кыштак айыл аймагынын жашоочууларыны Ш. Капаров коркутуп, шантаждап жатат.

Урматтуу Идрис Анарбекович! Урматтуу Сагынбек Сардарбекович! Жогоркулардын негизинде Сизден Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууңузду, мамлекетке келтирген ири зыянды өндүрүп берүүңуздү, биздин үй-булөөлөрүбүздү коопсуздугун камсыз кылууңузду суранабыз.

Эгерде коррупционер Ш. Капаров кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса жогорку органдарга жана ЖМКларга кайра кайрылууга мажбур болобуз.

 

Коррупционердин курмандары О.Д. Токторалиева,

Г.М. Мирзакаримова

 

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу анын баласы өлтүрөбүз деп коркуткан.

 

Последние новости