www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Египеттик актриса жана фотомодель Рания Юсеф 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, Юсефтин соту 12-январда өтөт.
Маалым болгондой, Египет жылдызы "коомдук жайдагы этикалык эрежени сактабады" деп айыпталып жатат. Тагыраагы, ал Каир кинофестивалынын жабылыш салтанатына денеси көрүнгөн кездемеден тигилген көйнөк кийип келген. Көйнөктөн актрисанын жоон саны даана көрүнүп турган. Египет коомчулугу Рания Юсефтин бул кийимин этикага туура келбейт деп катуу сынга алып, "ыймансыз, Ислам динине каршылык көрсөтүп жатат" деген пикирлерин жазып чыгышкан.
Ал эми юристтердин тобу актрисаны коомдук жайга кийип барган мындай кийими үчүн сотко берген. Египеттин Кылмыш-жаза кодексине ылайык, Рания Юсеф 5 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Актриса мындай билдирүүлөрдөн кийин өзүнүн дарегине айтылып жаткан айыптарды четке кагып, ар бир адамдын өз эрки, ою болушу керектигин социалдык тармакка жазып чыккан. Ошондой эле ал кинофестивалга көпчүлүк жылдыздар ачык кийимдерди кийип келгенин кошумчалаган.
Булак: NazarNews.kg